Бишкек, "Саясат.kg". Учурда 55 өлкөгө майдын күмөндүү партиялары тарап кеткен.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму индиялык компания тарабынан өндүрүлгөн тетракциклин майынын зыяндуулугу тууралуу эскертүү берди. Бул май балдарга көздүн сезгенишин айыктыруу үчүн колдонулат.
Маалыматта айтылгандай, продукцияны сатып алган беш эл аралык сатып алуучулар майдын сапатындагы маселени өз алдынча байкашкан. Мисалы, ар түрдүү өңдө, өлчөмдө жана формада болгон. Мындай маселелер окшош болгон эмес жана партиядан партияга, сатып алуучудан сатып алуучуга өткөн сайын өзгөрүп турган.
ДСУ бул майды колдонуудан кандайдыр бир кесепеттер азырынча аныктала элек, бирок колдонууга болбойт. Анткени, өндүргөн тарап өз каалоосу менен бир нече партияны артка чакыртып алган. Учурда 55 өлкөгө майдын күмөндүү партиялары тарап кеткен.
Бирок КР Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар боюнча Департаментинин маалыматына караганда, бул мазь Кыргызстанда жок. Бизде тетракциклин майы Россиядан гана келет.