Бишкек, "Саясат.kg". Орусиянын флоту үч атомдук крейсер менен толукталат.

Орусиянын президенти Владимир Путин Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган куттуктоосунда өлкө 2023-жылы өзөктүк куралды өнүктүрө турганын билдирди.

Кремлдин сайтына жарыяланган видеокайрылуусунда Путин Орусиянын куралдуу күчтөрү "Сармат" ракеталык комплекси менен камсыздалганын айтып, өлкөдө гиперүндүү "Кинжал" комплекстеринин өндүрүшү улантыларын жана армияга деңизде колдонулуучу гиперүндүү "Циркон" ракеталары жапырт бериле баштарын убадалады.

"Орусиянын флоту үч атомдук крейсер менен толукталат. Мындан тышкары армия жаңы сокку уруучу системаларды, учкучсуз учактарды, артиллериялык комплекстерди, чалгындоо жана байланыш каражаттарын алат", – деди Путин.

21-февралда Федералдык кеңешке жасаган кайрылуусунда Путин стратегиялык күчтөргө көп көңүл бурганы менен бир күн мурда континент аралык "Сармат" баллистикалык ракета учурулганын сөз кылган эмес. CNN телеканалы өз булактарына таянып, АКШ президенти Жо Байдендин Киевге сапары маалында өткөрүлгөн сыноо ийгиликсиз аяктаганын кабарлады.

Шаршембиде Орусиянын Мамлекеттик Думасы АКШ менен өзөктүк куралды чектөө боюнча келишимди токтотуу тууралуу Путиндин мыйзам долбоорун колдогон.

СНВ-3 деген аталыш менен белгилүү стратегиялык куралдарды чектөө келишимине 2010-жылы АКШ менен Орусия кол койгон.

Документ өзөктүк дүрмөттөрдүн санын чектеп, өлкөлөргө стратегиялык өзөктүк куралды өз аймагынан тышкары жайгаштырууга тыюу салат. Чалгындоодо өзөктүк ракеталарды жашырбоого жана тараптарды маалымат алмашууну камсыздоого милдеттендирет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өзөктүк куралды чектөө боюнча келишимди токтотуу тууралуу Путиндин чечимин "өкүнүчтүү жана жоопкерчиликсиз" деп атаган.