Бишкек, "Саясат.kg". Түрк басылмалары урандылардын алдынан аман калгандарды табуу үмүтү барган сайын азайып жатканын жазууда.
Түркиянын бийлиги зилзаладан каза болгон 35 418 кишинин сөөгү табылганын, урандылардын алдынан 8 миңден ашык адам тирүү чыгарылганын билдирди. Коңшу Сирияда жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 5 800дөн ашканы кабарланды.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган бул зилзалада каза болгондордун саны 1939-жылкы жер титирөөнүн курмандыктарынан ашканын айтып, ал Түркиянын заманбап тарыхындагы эң көп адамдын өмүрүн алган табият кырсыгы болуп калганын белгиледи.
Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө издөө-куткаруу иштерине жалпысынан 249 миң киши катышууда. Түрк басылмалары урандылардын алдынан аман калгандарды табуу үмүтү барган сайын азайып жатканын жазууда.
Ал ортодо Түркиянын атайын кызматы талоончулук шеги менен бери дегенде эле 98 кишини кармап, алардын 40ы камакка алынганы кабарланды. Кармалгандардан акча, 20 мобилдик телефон, сегиз ноутбук, алты тапанча, үч автомат, банк караталары жана зер буюмдар табылган.
Мындан тышкары Түркияда жер титирөөдө кыйраган үйлөрдүн конструкциясынын талапка жооп бербегени боюнча козголгон иштердин алкагында бир киши камакка алынып, дагы 113 кишини кармоого ордер берилди.
Издөө-куткаруу иштери коңшу Сирияда да уланууда. 13-февралда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш гуманитардык жардамды өз учурунда жеткирүү үчүн Сириянын президенти Башар Асад дагы эки чек ара бекетин ачууга макул болгонун айтып, бул көмөктөшүү иштерин тездете турганын белгилеген.
Зилзалага чейин Сириянын 4 миллиондон ашык киши жашаган түндүк-батышындагы аймакка гуманитардык жардам түрк-сирия чек арасындагы "Баб-эль-Хава" өткөрмө бекети аркылуу гана жеткирилип келген.
БУУнун маалыматына караганда, Сирияда жер титирөөдөн кийин 5,3 миллион киши үй-жайсыз калган болушу мүмкүн. Түркия менен Сирияда 900 миңге жакын киши ысык тамакка муктаж.