Бишкек, "Саясат.kg". Чилек аттуу ит үй-бүлөнү сактады.
Түркиянын 6-февралда 7,8 баллга жеткен жер титирөө убагында провинцияларынын бириндеги бир үй-бүлөнү ит сактап калган. Бул тууралуу иттин ээси айтып берген.
"Ит байланып турган, мен печканын жанында уктагам. Жер титирөө баштаганда балам итти бошотту. Түн, караңгы, эч нерсе көрүнбөйт, качып баратабыз. Ит менин кийимимден тиштегенин байкадым. Ал бизди коопсуз жерге баштады. Эгер ит болбогондо 3 адамдан турган үй-бүлөбүз таңга жетпей калмакпыз. Биринчи бизди Кудай сактады, экинчи ит сактады. Биздин Чилегибиз - бизди сактап калды", - деген аял.