Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 1175

Бишкек, "Саясат.kg". Мындайды "Кудай берген ичээр суусу бар экен" деп коюшат. 

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Бир нече сааттан кийин 7,5 баллдык жер титирөө кайра кайталанган. 

Учурда кулаган үйлөрдүн урандыларынын астынан адамдарды куткаруу иштерин Түркиянын жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн барган куткаруучулар жүргүзүп жатат. 

Видеодо урандылардын алдынан тирүү табылган балдар, арасында 8 айлык ымыркай дагы бар. Алар 100 сааттан ашык жатышкан. Ал турмак, күчүк, мышык, попугай дагы тирүү табылды. Мындайды "Кудай берген ичээр суусу бар экен" деп коюшат.