Бишкек, "Саясат.kg". Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн барган куткаруучулар урандылардын арасынан адамдарды таап чыгышууда.
Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Бир канча убактан кийин аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган.
Кырсыктан бир нече көп кабаттуу үй кулады. Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн барган куткаруучулар урандылардын арасынан адамдарды таап чыгышууда. Айрымдарынын сөөгү табылса, кээ бирлерди уранды алдынан тирүү чыгышты.
Видеодо аман калгандардын бири. Куткаруучулар тапкан өспүрүм бала: "Менин өлгүм келбейт", - деп айткан.