Бишкек, "Саясат.kg". Экспорттук чектөө 49 орус уюмуна тиешелүү болот.

Яапония 3-февралдан тарта Россияга вакциналарды, медициналык жабдууларды жана роботторду экспортоого тыюу салат. Бул тууралуу Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министрлиги билдирди.

3-февралдан кийин Япония Россияга атомдук объектилерди, мунай жана жаратылыш газын чалгындоо үчүн жабдууларды сатууну да токтотот. Мындан тышкары тыюу салынган тизмеге жардыргычтар, портативдик генераторлор жана лезердик ширетүүчү аппараттар киргизилди.

Экспорттук чектөө 49 орус уюмуна тиешелүү болот.

Япония ошондой эле өзүнүн персоналдык санкциясынын тизмесин да кеңейтти. Токио Россиянын 22 жаранынын жана 3 уюмунун активдерин тоңдурат. Санкцияга юстиция министри Константин Чуйченко, вице-премьер Андрей Белоусов, БШК башчысы Элла Памфилова, балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мария Львова-Белова, философ жана саясат таануучу Александр Дугин киргизилди.

Токионун санкциясына орусиялык "Иркут", "Авангард" машина куруу заводу, "КАМАЗ" ачык акционердик коому илинди.