Бишкек, "Саясат.kg". АКШ Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 12-декабрда Вашингтондо Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды.
Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 12-декабрда Вашингтондо Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алып, кыргыз-өзбек чек арасындагы макулдашылган келишимди кубаттай турганын айтты.
"Мен ар дайым АКШ Өзбекстандын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин кубаттай турганын билдирем. Чындап эле Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын демаркациялоого жетишкени үчүн кол чапкым келет. Бул аймактагы башка өлкөлөргө чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн деген күчтүү сигналды берет. Диний ишенимге эркиндик, мажбурлап иштетүүнү токтотуу боюнча Өзбекстан жүргүзүп жаткан реформаларды баалайм, Ооганстан тууралуу да талкуулай турган маселелер көп", - деди Блинкен.
12-14-декабрда Владимир Норов АКШга барып, Өзбекстан менен АКШнын стратегиялык өнөктөштүк диалогу аттуу жыйынга катышат.
Буга чейин Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол коюшкан.
Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.