Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 240

Бишкек, "Саясат.kg". Алгачкы расмий жыйынтык 21-ноябрда жарыяланат.

Казакстандагы "Ачык коом" институтунун экзит-поллуна ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду.

Экинчи сапка 5,2% менен "Баарына каршы" деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%, Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш топтоду.

Алгачкы расмий жыйынтык 21-ноябрда жарыяланат.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жекшембидеги шайлоодо 12 миллионго чукул шайлоочунун 8 миллиондон 300 миңге жакыны же 69,4 пайызы добуш берди.

Жети-Суу облусунда шайлоочулардын 81 пайыздан ашыгы добуш берсе, эң төмөнкү көрсөткүч Алматы шаарында катталды. Бул шаарда шайлоочулардын 28 пайыздайы гана урнага бюллетень салды.

Казакстанды 2019-жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаевден башка бул шайлоого катышкан беш талапкердин баары коомчулуктун кеңири катмарына белгисиз. Мындан улам көз карандысыз байкоочулар бул шайлоодо чыныгы атаандаштык болбогонун белгилеп келишет.

20-ноябрдагы добуш берүү бир нече шаарда жарандык активисттердин кармалышы менен коштолду. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, Алматы шаарынын үч жеринде таза шайлоону талап кылган 30га чукул активистти полиция кармап кетти.