Бишкек, "Саясат.kg". Жардыруу учурунда көчөдө өтө көп киши болгон.
Стамбулдун Истиклал көчөсүндө теракт жасоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди.
Министрдин айтымында, алдын ала маалыматтарга ылайык, теракттын артында Анкара террордук деп эсептеген Күрдистан Жумушчу партиясы турат.
"Башында 21 киши кармалган. Бомба койгон адам да камалды. Жакын арада бизге кайгы алып келген кишилерге эки эсе кайгы жаратабыз", - деди министр.
13-ноябрда болгон жардыруудан бери дегенде эле алты киши өлүп, дагы 81 адам жабыркаган. Учурда алардын экөөнүн абалы өтө оор деп бааланууда.
Жардыруу учурунда көчөдө өтө көп киши болгон.
Түркиянын вице-президенти Anadolu агенттигине окуя террордук акт катары эсептелерин билдирди. Октайдын айтымында, жардыруучу затты террорист аял ишке киргизип, жарылуудан ал өзү да мерт болгон. Азырынча Anadolu агенттигинин бул маалыматы тактала элек.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.