Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 143

«Жолугуудан кийин америкалыктар Кытайдын бийлиги Москваны колдоодон баш тартпайт деген ойдо калышты»

Кытай Россияга экономикалык жактан жардам берүүнү чечти. Бул тууралуу Англиянын «Guardian» гезити АКШ президентинин администрациясындагы булагына шилтеме берүү менен билдирди.
14-мартта АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Италиянын Рим шаарында Кытайдын тышкы иштер боюнча өкүлү Ян Цзечи менен жолуккан. «Жолугуудан кийин америкалыктар Кытайдын бийлиги Москваны колдоодон баш тартпайт деген ойдо калышты», - деп жазды «Guardian».
Ошондой эле Вашингтон Кытайды Россияга жардам берүүдөн кармап калууга мүмкүн экенине ишенишпейт. «Эгерде Кытай Батыш менен тирешип жаткан Россияны колдосо, Байдендин администрациясы өзүнүн өнөктөштөрүн, айрыкча Европадагы союздаштарын Пекин менен мамилени карап чыгууга үндөйт. 16-мартта Салливан Франциянын бийлиги менен сүйлөшүү үчүн Парижге учуп барган», - дейт «Guardian».

Булак: Баракелде