Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 123

Бишкек, "Саясат. kg". Бул жалпы элдик каршылыкты токтото алаарына ишеним жок. 

Казакстандын NEXTA Live телеграмм-каналы  каршылык акцияларынын артынан өлкөдө ушул убакта кандай өзгөрүүлөр орун алганын жазып чыкты: 

Митингчилер ушул убакта эмнелерге жетише алышты? 

Каршылык акциялары күтүүсүздөн башталды жана кыска убакытта өлкөнүн көп бөлүгүн кучагына алды. Күйүүчү майга болгон баанын кымбатташы элдин топтолуп келген нааразычылыгынын жарылышына себеп болуп берди. Назарбаевдин алмашкыс бийлиги баарынын көкөйүнө тийгени белгилүү болду. 

ЖККУ аскердик интервенцияны камсыздай турган болууда. Токаев бийликти бир гана орустардын көмөгү менен кармай алаарын түшүндү. Лукашенко ар бир диктатор сыяктуу эле кайгысы окшош болгон пикирлештерин колдойт жана чакан аскердик партия жөнөтүүгө даяр.  

Бирок армян-азербейжан ортосунда болгон кырдаалды эске алсак, анда ЖККУ- бул пайдасыз уюм экенине ынанабыз. Ал кол сала албайт, бирок элди коркутуу үчүн аскердик отряддарын жибере алат. 

Ал жалпы элдик каршылыкты токтото алаарына ишеним жок. 

Ошондо, ушул убакка карата нааразычылык акцияларынын катышуучулары эмнелерге жетишти: 

1. Күйүүчү майга болгон баанын арзандашы;

2. Өкмөттүн отставкага кетиши;

3. Назарбаевин Коопсуздук кеңешинин башчылыгы кызматынан кетиши.

 Бул болгону башталышы гана.