Бишкек, "Саясат. kg". Казакстандын мурдагы премьер-министри Акежан Кажегелдин россиялык телеканалга маек берди.
Казакстандын экс-премьер-министр Акежан Кажегелдин россиялык телеканалга берген маегинде массалык каршылык акциясынын келип чыгышына казак бийлигин күнөөлөгөн.
"Эл ойгонду. Митинг күтүлгөндөй эле өлкөнүн батышында башталды. Бул аймак илгертеден эле эң активдүү аймак болуп саналат. Ал жак мунайзат-энергетикалык аймак, бир караганда элдин толкушуна себеп жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок мунайзат чыкканы менен ошол жакта жакырчылыктын деңгээли жогору. Анын үстүнө өткөн жылкы жай кургак болуп, эл түшүмдөн куру калды. Анан минтип газга болгон баанын көтөрүлүшү, ансыз да жабыркап турган элге катуу тийди. Ошондуктан, мен элдин нааразычылыгын жакшы түшүнүп турам. А бирок бийликтин реакциясы таң калыштуу болууда, элдин тынчтанууга үндөп, башаламандыкка барбоого чакырып жатышат. Ушундай абалда кантип тынчтанышат?" - деген экс-премьер-министр.
Ошондой эле, ал каршылык акциялары бийликтин катаал чараларына туш келип калбайбы деген суроого "баары болушу мүмкүндүгүн" айткан.
"Бизде негизи дайыма ушундай болуп келген. Казакстандын батышында дээрлик жыл сайын митинг болуп турат. Өткөн жылдын жайында да жергиликтүү элдин жумуш менен камсыз болуусуна тоскоолдук жараткан башка жактан алынып келинген жумушчу күчтү кетирүү талабын коюп чыгышкан. Анда митингди күч менен токтотуп коюшкан. А бул сапар миңдеген адамдан чыгууда. Бийликтин төрт жылдан бери реформа жасайбыз деген убадасы аткарылбай келатканын айтышууда. Менимче, бул сапар эл кырдаалды өзгөртүүгө мажбурлашат", - деген Акежан Кажегелдин.