Үч күн мурун Түркмөнстандын чек ара кызматкерлери бир жаранды өлтүрүп, экинчисин сабап кетишкен.

 Ооганстан менен Түркмөнстандын чек арасында «Талибан» террордук кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) согушкерлери менен түркмөн чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болду. Бул тууралуу «Hasht-e subh» басылмасы билдирди.

«Үч күн мурун Түркмөнстандын чек ара кызматкерлери бир жаранды өлтүрүп, экинчисин сабап кетишкен. Окуяны иликтөө учурунда туркмөн аскерлеринин аракеттерине жооп иретинде «Талибан» согушкерлери ок чыгарды», - деди талибанчы министр Хилал Балхи.

Атышуу 4-январдын таңында Ооганстандын Жаузжан провинциясынын Хамаб районунда болгон. Башка маалыматтар азырынча белгисиз.

Декабрь айында да ушундай эле окуялар Ооганстандын Иран жана Пакистан менен чектешкен чек арасында болгону айтылган.

Булак: Баракелде