Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 743

Эйлат шаарында (Израиль) 70 жылдык мааракелик "Аалам периси - 2021" сынагы өттү.

Жеңүүчү жана таажынын жаңы ээси Индиядан келген катышуучу Харнааз Сандху болду. Ал 79 өлкөдөн келген башка катышуучуларды артка калтырган. Биринчи вице-мисс "Мисс Парагвай" Надия Феррейра, экинчи вице-мисс "Мисс ЮАР" Лалелу Мсвейн болду.

Жаңы "Аалам периси" Индиянын түндүгүндөгү Чандигарх шаарында төрөлүп-өскөн. Негизги дем берүүчү адамы, тагыраагы апасы патриархалдык салттарды жеңип, гинеколог болууга жетишкен.

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Харнааз Сандху 17 жашынан бери сулуулук сынактарына катышып келет. 2017-жылы Харнааз Сандху "Мисс Чандигарх" наамын жеңген, ал эми эки жылдан кийин Miss India Punjab Femina сынагында биринчи орунду алган. 2021-жылы сентябрда ал Индиянын "Аалам сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болду.

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Дүйнө периси тамак жасаганды, ат мингенди, йоганы, бийлегенди жана шахмат ойногонду жакшы көрөт. Анын сүйүктүү цитатасы - "Бир күнү сенин бүт жашооң көз алдыңда жаркырап өтөт. Биз аны көрүүгө татыктуу болгонго аракет кылышыбыз керек."

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Индиядан келген башка сулуулардай эле Харнааз Сандху тасмаларда роль жаратат. Ал жакында көрсөтүлө турган эки панжаби тасмасында роль жараткан. Ал Болливуд жылдызы Приянка Чопраны үлгү тутат.

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Сулуулук сынагынын келишимине ылайык, жакын арада ал Нью-Йоркко көчүп, дүйнө жүзү боюнча кайрымдуулук иш-чараларына катышышы керек.

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Сүйкүмдүү! Ааламдагы эң сулуу кыздын сүрөттөрү

Сүрөттөрү harnaazsandhu_03 аталышындагы Instagram баракчасынан алынды.

Булак: kaktus.kg