Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 139

Ал АКШнын президенти Жо Байден менен да Украинадагы абал тууралуу сүйлөшкөнүн жана бул диалогду улантууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.

Владимир Путин «Коммерсантъ» басылмасынын атайын корреспондентинин суроосуна жооп берип жатып, Россия өз коопсуздугун коргошу керек экенин билдирди.

Журналист Андрей Колесников Путинден «Россия Украинага кол салууга даярданып жатабы?» деген суроо узаткан.

НАТО — Түндүк атлантикалык альянс, аскердик-саясий блок. Курамында Европа өлкөлөрү, АКШ жана Канада бар.

Путин НАТОнун аймагынын кеңейиши тууралуу ойлонбоо — кылмышка тете аракетсиздик болмок экенин белгиледи. Анын айтымында, Украинанын НАТОго кириши менен ал өлкөдө Россияга коркунуч жараткан аскердик курал, аскер контингенти же база жайгаштырылат. Россия дайыма НАТОнун аймагынын кеңейиши боюнча кооптонуп жатканын айтып турган, бирок альянс орус чек арасына жакындап келе берген.

«Польша жана Румынияда ракетага каршы коргонуу комплекстерин көрүп жатабыз. Украина НАТОго киргенде Украинанын аймагында да аскердик омплекстер жайгаштырылат деп айта алабыз. Биз муну кантип ойлонбой коебуз? Ал жакта эмне болуп жатканына жөн гана көз салуу — бир тараптан кылмышка тете аракетсиздик болмок», - деди Путин.

Ал АКШнын президенти Жо Байден менен да Украинадагы абал тууралуу сүйлөшкөнүн жана бул диалогду улантууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. Ал НАТОнун күн чыгыш тарапка кеңейиши Россиянын коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги маселе экенин белгиледи.

Булак: Баракелде