Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 364

А.Медетбеков: Чек ара маселеси бүгүн эле чыга калган жок.

- Артур мырза, Лукашенко ЖККУну кыргыз-тажик чек ара чатагын чечүүгө көмөктөшүүгө чакырып,  "Биз ЖККУ өлкөлөрүнүн көйгөйлөрүнө сүңгүп киришибиз керек”,-деди. Ал  маселени кабыргасынан койдубу?

- Кыргыз –тажик чек арасын чечүүгө,  деморкация, делимитация иштерин толугу менен ишке ашырууга кыргыз менен тажиктин ортосундагы дипломатиялык, элдик дипломатиянын жана эл аралык деңгээлдеги комиссиянын жыйынтыгы гана негиз боло алат. Тагыраагы, чек ара маселеси эки элдин кызыкчылыгын канааттандыра турган чечим менен гана чечилет. Белоруссиянын президентинин көтөргөн маселеси көмүскө жардамын бериши мүмкүн... Бирок бир уюмга мүчө болгон мамлекеттердин кийлигишүүсү бул маселенин чечилишине анчалык деле салым кошо албаса керек.

Бүгүнкү күндө ЖККУ өлкөлөрүндө көйгөйлөр абдан көп. Эгерде ЖККУөлкөлөрүндөгү чатакка адилеттүү караса ал башка кеп. Эгер кандайдыр бир кокустук болуп кетсе, бул ЖККУнун өлкөлөрүнүн ичинде чатакты ырбатат.

Негизи чек ара маселесин чечүүдө провокация болбойт деп жана терс күчтөр жаңжал чыгарбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошон үчүн чек ара маселесин эки элдин комиссиясынын жана элдик дипломатиянын жолу менен  чечүүгө болгон  шарттарды түзүш керек. 

Чек ара маселеси бүгүн эле чыга калган жок. 1990-жылы Будпештте кийин Алматыда СССРдин курамындагы административдик чек араларды союз тарагандан кийин бири-бирине доомат койбой чек ара сызыгынан өтпөй тынчтыкта, ынтымакта жашайбыз деген келишим түзүлгөн. Тилекке каршы, ал иш аягына чыкпай бүгүнкү дүйнөлүк процессте ар кандай опурталдуу иштердин жүрүп жатканын көрүп жатабыз.