Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 530

А.Маматалиев: Тарыхый карталарга жана эл аралык укуктук актыларга таянсак, чындык толугу менен биз тарапта!

- Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко ЖККУну кыргыз-тажик чек ара чатагын чечүүгө көмөктөшүүгө чакырып,  “биз ЖККУ өлкөлөрүнүн көйгөйлөрүнө сүңгүп киришибиз керек”-деди. Ал  маселени кабыргасынын койдубу?

- Бул эми чоң саясат да. Ал ошентип ЖККУга сын-пикир, сунуш айтып жатпайбы… Негизи, чек ара маселелерин эки тарап өздөрү эле чечкени туура. Бирок, мурда бир мамлекеттин (СССРдин) курамында болгондон кийин, Россия жана башка Союздук Республиканын жетекчилери  “тар чөйрөдө” калыстык пикирин айтып койгону деле туура. Эсиңизде болсо керек, Россиянын Президенти В.Путин, биздин Президент С.Жапаров жана Тажикстандын башчысы Э.Рахмон менен жолугушканда “Москвада Бишкекте да, Душанбеде да жок карталар бар”, - деп айткан. Мен ойлойм, бул сигналдан кийин биздин коңшулар ар жылдардагы өздөрүнө ыңгайлуу административдик, чарбалык убактылуу өзгөртүлгөн карталарды алып чыга берүүдөн баш тартышат деп. Анткени, тарыхый карталарга жана эл аралык укуктук актыларга таянсак, чындык толугу менен биз тарапта! Биз аларга бул жөнүндө бир нече жолу айтып, далилдеп бергенбиз!  Негизи, А.Лукашенконун ЖККУну реформалоо, аны эффективдүү, күжүрмөн уюмга айландыруу жөнүндөгү пикири абдан туура.