Бишкек, "Саясат.kg". Бирок фундаменталдуу саясый-экономикалык өзгөрүүгө барбасак экономикалык өнүгүү болбойт.

- Президент расмий ишке киришкенине эки жыл толду.  Эки жылда колдоого аларлык иштерди жасай алдыбы?

- Көп эле жакшы аракеттер болуп атат: Кумтөр элге кайтты, чек ара чечилип атат, бюджет кескин түрдө көтөрүлдү, пенсия, жөлөк пул көтөрүлдү. Бюджетте иштегендердин айлык акысы көтөрүлдү, ишканалар ачылып жатат. Мектеп, жол салынууда. Ошондой эле  армиябыз күчтөндү. Кыскасы, бир топ колдоого аларлык иштерди жасап жатат.

Бирок фундаменталдуу саясый-экономикалык өзгөрүүгө барбасак экономикалык өнүгүү болбойт. Кыргызстан азыр көп жылдан бери экономикабызды талкалан, глобалдык батыштын алып-сатарлык экономика системасынан чыга элекпиз. Классикалык саясый-экономикалык закондорго таянып өзүбүздүн экономика моделибизге өтсөк, ошондо өнүгүү жолуна түшөбүз.