Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 275

Бишкек, "Саясат.kg". Эки өлкө кандай саясый, экономикалык жолду тандаарын макулдашышты.

Өзбекстан президентинин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келгени түйүндүү маселелердин чечилишине жол ачты. Мындай пикирин эксперт Эрнест Карыбеков билдирди. 

"Буюрса, эми чек ара, экономика маселелери чечиле баштайт.  Шавкат  Мирзиёев  Өзбекстандын, Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болгондон бери эки боордош элдин карым-катташы дагы жылуу болуп келатат. Кечээ расмий документтерге кол коюшту. Эң маанилүүсү бейформал жолугууда эки президент "сааттарын тактап алышты". Тагыраагы, дүйнөдөгү саясый, экономикалык ири өзгөрүүлөр болуп атканда, эки өлкө кандай саясый, экономикалык жолду тандаарын макулдашышты", - деди Карыбеков.