Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 218

Бишкек, "Саясат.kg". Каримовдун өлүмүн күтүп, Назарбаевге каршы катуу сөздөр айтылып...

- Тышкы саясатта, кошуна мамлекеттер менен алаканы чыңдоо абдан жакшы. Атамбаев убагында тышкы саясатта толук фиаско болгон. Каримовдун өлүмүн күтүп, Назарбаевге каршы катуу сөздөр айтылып, Америка менен келишим жокко чыгып, базасы да токтотулган.

Ал эми азыр Тажикстандан башка коңшу мамлекеттер менен тыгыз байланышта иш жүрүп, Өзбек президентинин мамлекеттик сапар  менен жергебизге келиши, жакынкы кошуна, потенциалдуу өлкө менен алаканын чыңдалып жатканын көрсөтөт. Кол коюлган 25тей келишимдердин ишке ашышын күтөбүз. Эки мамлекеттин ички потенциалын туура колдонуу, эки өлкөгө тең экономикалык чоң жемиштерди алып келээри шексиз.