Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 390

Бишкек, "Саясат.kg". Анын эмнесин жашырабыз? 

- Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга келгени түйүндүү маселелердин чечилишине жол ачтыбы?              

- Албетте, ачат. Бизде, кыргыз элинде, жакшы макал бар, “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген. Биз өз алдынча мамлекет болгондон бери  коңшулаш  Өзбекстан мамлекети менен мынчалык жакын, ынак мамиле кура алган эмеспиз. Анын эмнесин жашырабыз? 

Мына эми гана жаңы шайланып келген эки өлкө башчыларынын  зор аракети менен мамилебиз оңолуп, ар тараптуу карым катнаштарыбыз өнүгүп өсүү жолуна  түшүп баратат. Мунун баары ич жылытаарлык жагымдуу көрүнүш. Мындан ары да ушул жылуу мамилебизден жазбай өнүгүп өсө берели. Ата - бабадан калган накыл кепти тутунуп, коңшу мамлекеттер менен дайыма ынак болгонго аракет кылышыбыз керек. Жагымдуу көрүнүш.