"Жаңы эле Белинский көчөсү менен келдим, доллардын баасын көрдүм (84 сом, бир канча тыйыны да бар), анан тынчсыздануум менен бөлүшөйүн дедим.
Бүгүн Кыргызстандын 4 миллиард 218 миллион доллар тышкы карызы бар. Сомго айлантканда 354 миллиард 312 миллион сом. Ар бир жаранга 700 доллардан туура келет. Ымыркайдан тартып карыларга чейин. Андан тышкары дагы акча сурашыбыз керек. Көп сандаган ишкерлердин насыясы тууралуу айтпай эле коеюн.
Карызды сомго айлантканда, доллардын ар бир тыйынынын жогорулашы тышкы карызды түз жерден көбөйтөт. Анткени, доллар менен кайтарабыз да.
Азык-түлүккө жана тейлөө кызматтарына болгон баа дайыма өсүп баштайт. Карапайым эл гана жабыр тартат. А биз баарыбыздын дегенибиз Конституция, Конституция... Балким, иштейт чыгаарбыз..." - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына.