Кыргызстан кайрадан энергетикалык кризистин босогосуна келип калганы тууралуу маалыматтар айтыла баштады. Жакында Жогорку Кеңештин жыйынына келген Улуттук энергохолдингдин жаңы жетекчиси Бакыт Сыдыков мындай имиштерди тастыктады. Анын айтымында, учурда Токтогул ГЭСинде 9 миллиард 800 миң метр куб суу бар. Бирок алдыда суунун азайышы толук мүмкүн.
"Өкмөттүн тапшырмасы боюнча 9 миллиард 700 миллион метр куб суу менен чыгышыбыз керек болчу. Эгер ушул калыпта, эч кандай чечкиндүү чараларды көрбөй кете берсек, келерки жылдын апрель айында 5,5 миллиард метр куб сууга ээ болуп калышыбыз толук ыктымал", - деди Сыдыков.
Белгилей кетсек, өлкөнүн башкы ГЭСиндеги суунун көлөмүнүн азайуусу 2007-2008-жылдары жүз берген. Анда мамлекет өлкө жарандарынын электр энергияга болгон суроо-талаптарын канааттандыра албай калган. Аймактарда утур-утуру менен жарык өчүп, ал турмак күнүнө канча бир саатка гана электр энергиясын берүү чектөөлөрү каралган. Ошол учурдун президенти Курманбек Бакиевдин эл оозунда аңыз катары калган "тезек тергиле" деген "учкул" сөзү да так ушул көйгөйдүн артынан айтылган болчу.
Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүнүн кескин азайышы аталган каскаддын иштен чыгып калуусун шарттайт. Мындай абалга жеткирбөөнүн жолу катары учурда тийиштүү кызматтар тарабынан Бишкек ЖЭБинен 1 миллиард кВт саат электр энергиясын кошумча иштеп чыгаруу сунушталып жатканын Бакыт Сыдыков айтты.
"Биз эмне кыла алабыз? Биринчи кадамыбыз - өкмөттүн токтомуна оозеки өзгөртүү киргизүү. Станциянын режимин өзгөртүү керек. Эгер буга чейин эски токтом боюнча ЖЭБден 1 миллиард 200 миллион кВт чыгара турган болсок, эми ага 1 миллиард кошуп, 2 миллиард 100 миллионду чыгарышыбыз керек", - деди Бакыт Сыдыков.
Энергетика боюнча серепчи Турдакун Сапарбаев мындай кыйчалыш абалдын жаралышына кадр маселесин айыптады. Ал "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" принцибинен алыстап кеткенибиз, ар кайсы тармакка ошол жаатты таанып-билбегендердин келип жатканы чоң көйгөйлөрдүн жаралуусун шарттап баштаганын белгиледи.
"Кесипти даана билген, сууну, энергияны чыгаруунун сырларын терең өздөштүргөн кишилер энергетика тармаганын башына келгенде иш жакшы жүрмөк. Азыр менеджер деген шылтоо менен ар кандай адамдар каалаган тармагына барып жатышат. Партиялык тизме менен деп кесибине карабай эле дайындоолор да болуп жатканына күбөбүз. Андай адамдар башчылык кылып жаткан тармагын билишпесе, энергетика системасын бири бирине байланыштырганга көз жетпесе, анан кандай жыйынтык күтмөк элек?" - дейт серепчи.
Ошондой эле серепчи акыбалдан Токтогул ГЭСин этияттоо жолу менен чыгууга болоорун да билдирди.
"Бир гана Токтогулду карабай, башка энергия булактарын: Ош ЖЭбин, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр,Үч-Коргон, Ат-Башы ж.б. ГЭСтерин иштетүү керек. 20 күнгө туруштук берип, Токтогул ГЭСин аман-эсен алып чыгып кетсек, күн жылып, суу ээрип, толо баштайт", - дейт серепчи.
Ошол эле учурда, 2020-жылы айрыкча парламенттик шайлоонун алдында электр энергиясына байланышкан маселелер көбүрөөк көтөрүлгөн. Акыркы жылдары киргизилген 700 кВтка чейинки чектөөнү алып салууну карапайым эл суранганы маалым. Айрым партия өкүлдөрү парламентке барыша турган болсо, 700 кВтка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйын деп отурбай, жалпысынан эл үчүн электр энергия 77 тыйындан сатылаарын билдиришкен. Ал турмак, алар электр энергиянын өздүк наркы 10 тыйындын тегерегинде гана болоору, аны алып келүү жана башка чыгымдарын кошкондо 30 тыйынга жетерин, андан ашканы кайсы бир топтордун жеке чөнтөгүнө кетип жатканын да жар салгандар кездешкен. Ошол убада менен эл 2021-жылдын жаз айын чыдамсыздана күтүштү, анткени так ушул учурга электр энергиядагы чектөөнү алуу убадасы бышып жетилмек. Бирок ага жеткирбей, минтип энергетика көйгөйү калыңдап, 77 тыйын турмак, электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздала алабызбы деген суроо кабыргасынан коюлду.
Эксперт Медербек Саидов 77 тыйын электросекторго урулган сокку болуп жатканын белгиледи.
"Буга дейре жаздан баштап элге электр энергияны 77 тыйындан берилээри тууралуу кеп болгон. Негизи, бул баа учурда реалдуу эмес. Себеби, электр энергиясынын учурдагы карызы 137 млрд. сомду түзөт, анысы аз келгенсип 25 млрд. курстук айырма бар. Кийинки, 2022-жылдан тартып биз төлөмдөрдү аткарып, карыздарды төлөй баштайбыз. Ал акчаны албетте, элден түшкөн акча менен же донорлордун эсебинен төлөгөнгө туура келет. Энергосекторлордо иштеген адистердин айтымында, учурда электр энергиянын өздүк баасы орточо 1, 5 сом, бул бүт чыгымдарды эсептеп келгенде. 77 тыйын биз үчүн чыгаша, мындай тариф менен электросекторубузду биротоло банкрот кылып алабыз", - деди эксперт.
Көпчүлүктүн көңүлүн дагы бир суроо түйшөлдүрүүдө. Эмне үчүн Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү азайып кетти? Кандай факторлор ушундай көрүнүшкө алып келет? Суунун башында жайгашкан Кыргызстан үчүн суу азайды, электр энергиясы көйгөйлүү маселеге айланды деп айтуунун өзү оңтойсуз эмеспи? Белгилей кетсек, ар жылы суунун көлөмүнүн азайганы тууралуу маалыматтар тараганда, аны суу башка өлкөлөргө берилип жатканы жөнүндө кабарлар да коштойт. Медербек Саидов башка өлкөгө суу берүү Кыргызстандын милдети деп эсептейт:
"Мында эки тарабын карасак болот, биринчиси климаттын өзгөрүүсү, экинчиси геосаясатка байланыштуу. Биринчи тарабы жогоруда белгиленгендей, жаандын аз көлөмдө жаашы, экинчи тарабында кээ бир өлкөлөр менен суу мыйзамынын негизинде аларга жыл сайын суу берүү шартыбыз. Каалайбызбы, жокпу биз убагында коңшу өлқөлөргө белгилүү өлчөмдө суу беребиз деп кол койгонбуз. Аны биз эч качан буза албайбыз. Суу аз болуп калганда деле элге 77 тыйындан сатуу туура эмес дегенге учурдагы экономикалык абалды эске алган чакта деле кошула албайм. Эгер биз электр энергияны 77 тыйындан төмөн сата турган болсок, эртең бүтүндөй энергосекторубузду жоготуп алабыз. Биз эң негизгиси, карыздан кутулсак же экономикалық кризистен чыгып алсак балким 77 тыйындан да төмөн болоор, бирок ишенүү өтө кыйын. Себеби, электр энергиянын төмөндөөсү экономикага байланыштуу, бизде өндүрүш жок, электр энергиянын 70%ы калкка кетет, 30%ы гана өндүрүшкө сарпталат. Канча көп өндүрүш болсо, электрсекторго ошончо көп пайда алып келет. Мындай айтканда, ИДПнын өсүшү байкалат. Баса белгилей кетүү керек, сууну кыш мезгилинде коңшу өлкөлөргө агызбайт. Бир гана суугат учурунда берилет".
Эксперттер белгилегендей, Кыргызстан үчүн күн жылып, мөңгүлөр ээрип баштаганга чейинки убакыттан өтүп алуу маанилүү. Анан да жаздын келиши менен 700 кВт бөлүп турган чектөөнүн алынышын эмес, Токтогул ГЭСинин кыйын кырдаалдан эсен-соо чыгып, өлкө жарыксыз калбасын деп тилене турган болдук.