Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү майдын баасы 10 жана 15 пайызга өстү. Анткени Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды импорттоого көз каранды. Пандемия маалында мунайдын баасы 30 долларга жогорулады.
"Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын арзандыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө экинчи орунда турат. Биринчи орунда Казакстан, анан Кыргызстан, Россия, Белорусь жана Армения турат. Үстүбүздөгү жылдын 4-мартына карата Аи-92 бензини Казакстанда 31,3 сомдон (1 литр), Кыргызстанда 41,5 сомдон турат. Эң кымбат Арменияда (60,9 сом). Ал эми Аи-95 бензини Казакстанда 36,3 сомдон (1 литр), Кыргызстанда 43,9 сомдон бааланууда", - дейт ал.
Сабиров Кыргызстанда жазгы талаа иштерине күйүүчү-майлоочу май жетиштүү деңгээлде экендигин белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстандан мунай продуктуларын ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынган.
Булак: Кабар