Кыргызстандын Улуттук банкы кечээ, 26-ноябрда кезектеги интервенциясын жүргүзүп, 5,8 млн доллар сатты. Бул маалыматты банктын басма сөз кызматы жарыялаган.

Муну менен жыл башынан бери 24 жолу, ноябрь айында 9 жолу интервенция жүргүзүлдү.

Ноябрдагы интервенция:

- 12-ноябрда 26,8 млн доллар;

- 16-ноябрда 22,4 млн доллар;

- 17-ноябрда 500 миң доллар;

- 18-ноябрда 1,3 млн доллар;

- 19-ноябрда 3 млн доллар;

- 20-ноябрда 2 млн 50 миң доллар;

- 24-ноябрда 1,6 млн доллар;

- 25-ноябрда 3,1 млн доллар.

Муну менен жыл башынан бери жалпы 410,55 млн доллар сатылган.

Булак: Баракелде