Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.
Улуттук банк бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 2 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 21 млн 400 миң доллар саткан.
Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 17-ирет интервенция жасап жатат.
Белгилей кетсек акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.
Булак: Кабар