Казынанын толтурууда көмүскө экономикада жүгүртүлгөн каражаттарды ачыкка чыгаруу зарылдыгы айтылып келет. Расмий маалыматтарда көмүскө экономиканын көлөмү 30 %ды түзөрү айтылат. Бирок чыныгы көрсөткүч мындан кыйла көптүк кылат. Бюджетти толтурууда көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун зарылдыгына дагы бир жолу ынанып олтурабыз.
Дегенибиз, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан кылмыштуу жол менен табылган акчаларды адалдоого адистешкен кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Бул кылмыштуу топ «товарга төлөнчү акча» деген негиз менен ири суммаларды Кытайдын аймагына чыгаруу менен алектенип келген. Кылмышкерлер андай ишмердиги менен салык төлөөдөн качышып, натыйжада мамлекеттин бюджетине 1 млрд. 100 млн. сом зыян келтирген.
Учурда бул мыйзамсыз схемага мамлекеттик органдардын кайсы кызматкерлери жардам берип келгендиги такталууда. Бул мамлекет башындагыларда чындап эрк болсо, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, өлкө казынасын толтурса боло тургандыгын билдирет.
Булак: "Майдан.kg" газетасы