Ушул жылдын март, апрель, май айларында киргизилген пандемиялык чектөөлөрдөн улам мамлекеттик бюджеттин салыктык  киреше бөлүгү 6,4 млрд. сомго толбой калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Маалым болгондой,  эпидемиологиялык оор абалга карабай, акыркы 4 айдагы салыкты жыйноодогу пландын аткарылбай калуусу 4,3 %га кыскартылган. Июнда салык боюнча план 1 млрд. 351,9 млн. сомго аткарылса, июлда 616,2 млн. сомго, августа 1 млрд. 287,3 млн. сомго, сентябрда 1 млрд. 31,9 млн. сомго ашыкча  аткарылган.

Салыктык которуулардын негизги бөлүгү  түстүү металлургия, соода-сатык  жана байланыш тармагына туура келет.

Булак: "Майдан.kg" газетасы