УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келерки жылдан баштап ишкерлерди жөнү жок текшерүүгө алууну токтотуу тапшырмасын берди. Ал бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда атайын кызматка караштуу“Кызыл-Белес” эс алуу комплексинин ачылыш аземинде билдирди. 

"Негизинен биз ишкерлерге, бизнес жасаган адамдарга жардам беришибиз керек. Баарыңардын алдыңарга тапшырма коем: 2026-жылдын 1-январынан тартып укук коргоо жана коопсуздукту сактоо органдары, бирөөңөр дагы, бир дагы ишкерди текшербешиңер керек. Ишкерлерди текшерүүнү токтотолу. Ишкерлерге экономикалык чоң эркиндик беришибиз зарыл. Туура, ишкерлердин арасында салык төлөбөгөн, контрабанда менен иштеген, мыйзамдарды олуттуу бузгандары да бар. Алар менен так, даана иштешибиз керек. Ал эми калган ишкерлер текшерилбесин", - деди Камчыбек Ташиев.