Финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу айтып жатып, өлкөнүн анын баарын бир төлөп кутулуп коюуга мүмкүнчүлүгү бардыгын билдирди.
"Биз баарын бир төлөп эле кутулуп салсакпы деп да ойлонгонбуз", - деди ал.
Ошондой эле, министр тышкы карыз боюнча билген да, билбеген да эксперт болуп алганын, "Кыргызстан карызга батып кетти" дегендей пикирлерди таратып жатышканын белгилеп, мунун баары жаңылыш көз караш экенин айтты. Ал 30 жылда бүгүнкү күндөгүдөй экономикалык туруктуулук болбогонун кошумчалады.
"Кыргызстанга жыл сайын эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер 2-3 жолу келип кетишет. Анын арасында биз маалыматтарды аларга берип турабыз. Эгерде карызыбыз өсүп баратса, “Кыргызстан карызга батты” деп жазып чыгышмак . А алар өлкөбүздүн экономикасы эң туруктуу экономика катары белгилешүүдө.
2024-жылы тышкы карыз ИДПга салыштырмалуу 37 пайыз менен жыйынтыкталган.
2000-жылдары мамлекеттик карыз ИДПга салыштырмалуу 113%ды түзгөн. Андан бери кээде 90-80ге түшсө, кайра көтөрүлгөн динамика менен келгенбиз. Мамлекеттик карыз ИДПга салыштырмалуу 70 пайыздан ашпашы керек деген мамлекеттик стратегия бар. Бирок көбүнчө карыз 67-68 пайызды түзүп турчу. 2021-жылдан тартып карыз азайтыла баштап, 2024-жылды 37 пайыз менен аяктадык", - деди Бакетаев.
Айтымында, Кыргызстан евробонд, улуттук баалуу кагаздарды чыгарган, булар тышкы карыз болуп эсептелинет. Аларды кошо эсепке алганда, учурда тышкы карыз ИДПнын 42%ын түзүүдө.
Ал белгилегендей, евробонд - Элдик банктын өнүгүүсүнө, аны менен кошо мамлекетке пайда алып келүүсүнө өбөлгө болгон. Сырттан алынып келген каражат жөнөкөй чыгашаларга эмес, банк секторун жакшыртууга жумшалган жана бүгүнкү күндө анын жыйынтыктары көрүнүп жатат.
“Элдик банк ошол каражаттын эсебинен капитализация кылды, учурда 1 миллиард долларга жетейин деп калды. Ошону менен биздин Элдик банк Орто Азиядагы банктардын топ-5ине кирди. Элдик банкка бул кандай пайда берет? Биринчиден, чоң банк катары эсептелинет. Башка финансы институттары менен тең катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат. Ошондой эле капиталы менен кошумча каражаттарды тартып келе алат. Банктын кредиттик портфелдери менен долбоорлорун карасак, 1,5 миллиард долларлык долбоорлор бар. Алар: энергетикалык инфраструктура, жол салуу, электр станцияларын курууга байланышкан.
Элдик банк капитализация кылуу менен каражат табат. Ал каражаттан бюджетке дивидент төлөп берет. Анын ичинде тышкы карызга кетчү көлөм да бар. Ошентип, тышкы карыз бюджетке оорчулугун тийгизбеген механизм менен төлөнүп турат", - деди Алмаз Бакетаев.