- ККМдин милдеттүү түрдө киргизилгенине бир жылдан кийин кайрадан айрым ишкерлер каршылык билдирип чыгышты. Эмне себептен каршы болуп жатышат? ККМдин жана ЭТТКнын бизнеске терс таасирин тийгизчү жагдайлар барбы?

- ККМдин киргизилгени туура деп эсептейм. Себеби Кыргызстанда көмүскө жашыруун соода -сатыктын көп түрү бар. ККМ болгону ошол мамлекетке салык төлөөдөн жашынып жүргөн ири компаниялардын ишмердигин ачыкка чыгарат. ККМдин болгон функицясы ошол. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров деле ачык айтпадыбы: “Биз элдин жон терисинен кайыш тилели деп аткан жокпуз, салыктын деле 2008-жылдан тарта пайызы эски бойдон калды, кошулган жок”, – деп.  Бул баарына эле түшүнүктүү болду деп эсептейм. Анткени, мурда бизнестин чоӊ-кичинесине карабай баары 2000-3000 сомдук патентти сатып алып коюп иштей беришчү да.

Эми элестетип көрүӊүздөр, күнүнө базарда туруп 2000 сом пайда тапкан жөнөкөй соодагер болсо, ошол эле учурда эки күндүн биринде ар бир адамдын башына 2000 сомдон баа коюп, 500 адамга той өткөрүп жаткан тойкана, ресторандардын айырмасы бар да? Мамлекет ККМди киргизгенден тарта мисалы, базардагы соодагерге таасир эткен жок. Бирок чоӊ соодагерлерге таасири тийди. Бүгүн ошолор мамлекетке салык төлөгүсү келбей нааразы болуп жатышат. Кечээ Президент Садыр Жапаров да салык тууралуу маегинде өтө жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берди. Президент: “Карапайым соодагерлер, силердин бир жылда саткан товарыңар 8 миллион сомдон ашпаса, патент албай эле койгула. Патентке акчаңарды коротуп эмне кыласыңар. Болгону ККМ колдонгула. ККМди да бекер берели. Силерден болгону сатып алуучуга чек берип тургула деп суранып жатабыз. Дүңүнөн сатуучулардан счет-фактура алгыла. Мамлекет силерден эмес, дүңүнөн сатуучулардан, бай бизнесмендерден салык алалы. Карапайым калкты кыйнабайлы. Эртерээк бутуна туруп алышсын деп айтып атабыз", – деди. Бул деген, эгер соодаң бир жылда 8 миллиондон ашса, анда 30 миллион сомго чейин 1 эле пайыз төлөйбүз. Эгер 30 миллиондон ашса анда Салык кодекси менен иштейбиз дегенди түшүндүрөт.

Эми элестетиӊиздер, базардагы кайсы соодагердин жылына 30 миллион сомдон ашык суммага товар сатканын көрдүӊүздөр эле? Андай болбойт да. Демек бул ККМ жана салык системасы карапайым адамга таасир этпейт. Жалаӊ салыктан качып жүргөн ири бизнес компанияларга, ишкерлерге таасири бар. Бул теӊсиздик, мамлекеттеги социалдык турмушту жакшыртуу, мугалим, дарыгерлердин айлык акыларын жогорулатуу, пенсияларды көтөрүү, жолдорду салуу жалаӊ карапайым адамдардын эле эсебинен жасалбаш керек. Мамлекетке ири бизнесмендер да салык төлөш керек. Алар салыктан качпашы абзел. Анткени, салык жок дүйнөдө бир да мамлекет жок. Салык жок өнүгүү болбойт. Мисалы ошол эле демократияны мекени, экономикалык либерализм өкүм сүргөн АКШнын өзүндө деле салык төлөбөгөн жаранды мыйзам алдында катуу жазасын берет. Үй -жайына чейин мамлекет конфискация кылып темир тор артына да камап койот. Ошондуктан салык түзүмү тартипке түшпөсө, өлкөдө өзгөрүү болбойт.