Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 170

Учурда айрым соодагерлер ККМге каршы чыгуусун токтото элек. Нарындагы каршылык билдирген ишкерлерге президент Садыр Жапаров иш сапары учурунда түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бул жаатта тийиштүү кызматтар элге жеткиликтүү маалымат бере албай жатышат деп эсептейт. 

"Соода кылууну тартипке салуу, салык жыйноону жолго коюу максатында көзөмөл-касса машинкелерин киргизүү демилгесин эл колдоосу керек, анткени бул учурдун зарыл талабы. Жүздөгөн миллион сом акча жүгүртүп иштеп атып болгону эки миң сом төлөп патент менен эле иштей берем деш уят эле.

Бирок, тилекке каршы бул иште Өкмөт түзүмдөрү, жергиликтүү бийликтер жана салык кызматы жетишээрлик иш алып барган жок, түшүндүрүү, ынандыруу иштери солгун. Киргизүү шарты, мөөнөтү, талаптар жана эрежелер коомчулукка толук жетпей жатканы Нарын шаарында Президент Садыр Жапаров өзү аянттагы элге түшүндүрүп жатканда эле көрүнүп калбадыбы", - дейт Эмилбек Каптагаев.