Жакында айрым соодагерлер митингге чыгып, ККМ, ЭТТК жана электрондук эсеп-фактураны жоюп салууну талап кылышты. Бул боюнча экс-депутат Рамазан Дырылбаев пикирин билдирди.
- Биринчиден, ККМге каршы жакында болгон митингди көрдүк, жалаң эле базарда соода кылгандар чыгышты, уюшкан топко окшойт. Мисалы, “Дордойдо” кытай бизнесмендери көп, аларда “левый” товар болушу мүмкун. Базар ээлери эмнеге каршы чыккандарды токтотпойт? Бүт дүйнө жүзү салык менен өнүгөт, кайсы бир мамлекет салыкты көп жыйнайт, а башкасы аз жыйнайт. ККМ – салык толугу менен мамлекеттин казынасына түшсүн деген аракет, товар жүгүртүүлөр көзөмөлдө болсо, салык төлөмдөрүн да тактаганга ылайыктуу. Биздин айрым ишкерлер 30 жылдан бери ээн-эркин ишкерчилик кылып көнүп калышкан.
Бүткүл дүйнөдө салыгы жок мамлекет жок. Ошол эле Америкада ар бир жаран салык төлөйт. Анткени, аларда мыйзамга баш ийүү күчтүү өнүккөн. Биз дагы мыйзамды так аткарууга көнүшүбүз керек.