- Айрым жеке ишкерлер ККМди орнотууга каршы болушууда. Аны менен катар ЭТТК, эсеп-фактураларды жоюуну дагы талап кылып жатышат. Деги эле бул жаңычылдыктар бизге керекпи?

- Негизи, ККМ, ЭТТК жана эсеп-фактура мезгилдин талабы экени анык. Ар бир жаңы нерсени киргизүүдө калк арасында түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл буруу керек. ККМ боюнча, бул сатып алуучуларга абдан пайдалуу нерсе. Мисалы, керектөөчүлөрдүн укугун коргогон мыйзам бар. Укук чек аркылуу корголот. Мисалы, кайсы бир буюмду сатып алып, бирок ал жараксыз болуп чыкса, сатып алгандан 14 күн ичинде кайтарып берсе болот. Сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда түшүнбөстүк жаралбаш үчүн мындай учурда тийиштүү кызматтар соода кылгандан кийин чекти алып, сактоону сунушташат.

Экинчиден, президент Садыр Жапаров маяналарды, пенсия, пособиелерди көбөйтүп жатат. Салык – бул бюджет. Бюджет болбосо мамлекеттин өнүгүүсү абдан кыйын. Анын үстүнө, ККМ киргизүү менен көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максаты коюлган. Бир гана нерсе, ККМ колдонбогон ишкерлерге салынчу айыппулдун көлөмү жогору болуп калган. Өлкөдөгү айлык акы, пенсиянын орточо көлөмүн алганда, коюлган сумма абдан эле көп. Талаштан тактык жаралат дейт, бул жаатта дагы алдыда тактоолор болсо керек.

Үчүнчүдөн, жылдык товар жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлерге берилген жеңилдик өз убагында салык төлөөгө умтулууну пайда кылат. ККМ чеги боюнча байгелерди уюштуруп, лотерея ойнотуу сатып алуучулардын кызыгуусун жаратты. Мына ушулар өбөлгө болуп, убакыттын өтүшү менен жаңычылдыкты кабыл алып калабыз.

 - Эсеп-фактураларга эмнеге каршы чыгып жатышат деп ойлойсуз?

- Көпчүлүк ишкерлердин эки эсеби болоору белгилүү, бири салык системасына арналса, экинчиси өздөрү үчүн. Себеби, көп фирмалар кызматкерлеринин маянасын эч убакта ачык көрсөтпөйт. Ага бир топ факторлор себеп болууда. Мисалы, соцфонддун пайызын азайтууга бара турган болсок, бардык ишкерлер чыгашаларын ачык көрсөтө башташмак деп ойлойм.  Бул нерсеге акырындык менен барып, кандай жолдор менен ишке ашыраарыбызды аныкташыбыз керек. Бир мисал айтайын, Бишкекте 2008-2009-жылдары салыкты ачыкка чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлгөндө, чет өлкөлүктөр иштеткен соода жайы боло турган, ошол жерге салык кызматкерлери менен чогуу рейдке катышып калдым. Саат 10дон кечки 5ке чейин карадык, ошол убакыт аралыгындагы соода жарым миллион сомдун тегерегинде болгон. Керектөө агымы деген бар, кечинде соода кызуу болот. Биз ал убакта кетип калдык. Кечки сооданы кошкондо бир күндө канча киреше табаарын болжолдосок болот. Бирок ошол соода жайы болгону 2 миллион сом салык төкчү. Мына ушундай көрүнүштөр болот. Ошондуктан, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн чечкиндүү кадамдарга баруу зарыл.