Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бажы кызматынын коллегиясында тышкы жана ички факторлорго карабастан консолидацияланган бюджетти 503 миллиард сомго жеткирүү пландалганын билдирди. Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы 247, 6 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултушу керек. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 40 миллиард сомго көп.

Салык – жакшылык чөйрөсү деп айтылат. Анткени, салыкка кеткен каражат айлык акы, пенсия, пособие, инфраструктураны өнүктүрүү ж.б. социалдык маселелерди чечүүгө жумшалат. 2022-жылы салык төлөмдөрүнүн көрсөткүчү эки эсеге жогорулаганы пенсия, пособие жана айлык акылардын жогорулашын шарттады. Бул канча үй-бүлөнүн жашоо шарты жакшырылды деген белги. Ошол эле убакта Министрлер Кабинети бул сандар чек эместигин айтып, калкты социалдык жактан колдоо иштери улантылаарын айтууда.

Салык төлөмдөрү көбөйдү, бирок салык өлчөмү көбөйгөн жок. Анда көрсөткүч эмненин негизинде жогорулады? Мына, ушул суроо көпчүлүктүн көңүлүндө. Адистер бул биринчи кезекте салык топтоо түзүмүнүн жакшыртыла баштаганынын кабары дешет. Мисалы, ишкерлер онлайн тейлөөгө өткөрүлдү. Мында, адам факторлору азайды жана көмүскө иштөө жоюлуп жатат. Тактап айтканда, “Смарт Салым” санариптешкен долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралары, ККМ өз натыйжасын берди.

Мамлекеттик салык кызматынын Товарларды көзөмөлдөө механизмдерин киргизүү жана ККМ боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азат Алмамбетовдун айтымында, санариптештирүү мыкты жыйынтыкты шарттап жатат.

“Биз салык өлчөмүн көбөйткөн жокпуз же жаңы салык түрүн киргизбедик. Салык өнөктүгүн жакшыртуу жана текшерүүнү күчөтүү менен ушул жыйынтыкка кледик. Текшерүү дегенде субъекттерди рейддик кыдыруу же документалдык текшерүү эмес, анализ жолу менен. Салык кызматында топтолгон маалыматтардын негизинде анализ жүргүзүп, анын негизинде салык чогулттук. Баса белгилей кетчү нерсе, салыктын мурдагы жылга салыштырмалуу былтыр көп чогулушунун себеби – “Смарт Салымдын” ишке кириши болду. Электрондук эсеп-фактуралар колдонулушун күчөтүү, ККМди ишке киргизүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келген товарларга көзөмөл жүргүзүү натыйжасын берди”, - дейт.

Учурда салык боюнча мыйзам долбоору демилгеленген. Анда салык мыйзамындагы кандай өзгөртүүлөргө басым жасалды жана эгер кабыл алына турган болсо, салык төлөөчүлөргө кандай жеңилдик болоорун мындайча түшүндүрдү:

“Электрондук товардык транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларын киргизгенде салык төлөөчүлөрдүн арасында түшүнбөстүктөр болуп, каршылыктар жаралды. Каршы чыккан салык төлөөчүлөр менен диалогго барганда, алар салык өлчөмү көп болуп калаарын айтышты. Ошондуктан, аларга жагымдуу салык шарттарын түзүп берүү максатында мыйзам долбоорун жазып, салык ставкаларын өзгөрттүк. Мисалы, бирдиктүү салык боюнча, жылдык товар жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишкерчиликти салыктан бир жылга толук бошотуп жатабыз. 30 миллион сом товар жүгүртүүсү барларга 0,5 пайыздагы салык киргиздик. Ал эми жылына 50 миллион сомго чейин товар жүгүрткөндөр 1 пайыз салык төлөй турган кылдык.

Жаңылбасам, Салык кодекси кабыл алынгандан баштап ишкерлерге патенттик режимде иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин рыноктук шартка өткөндө, соода-сатык менен алектенгендерге шарт түзүү үчүн киргизилген. Ошондон бери өзгөртүү киргизилбеген. Негизи, патент менен товар жүгүртүүсү жылына 8 миллион сомдон ашпагандар гана иштей алышат. Бирок ККМ, электрондук эсеп-фактура киргизилгенден кийин товар жүгүртүүлөрдү көрө баштап, патент менен иштегендердин көбүнүн реалдуу товар жүгүртүүсү такыр башка суммада экенин билдик. Алар чакан эмес, ири ишкерчиликтин деңгээлиндеги товар жүгүртүүгө ээ болуп чыгышты. Бирок товардын үстүнө аз эле кошушаарын, тапкан пайдалары аз экенин айтып, суранышкандыктан, чогуу иштеп чыгып, анализ жүргүзүп, андан кийин гана жогоруда айтылган демилгени көтөрүп, мыйзам долбоорун даярдадык.

Мыйзам долбоорун киргизүүнүн дагы бир максаты – салык төлөөчүлөр арасындагы салык сабаттуулугун күчөтүү болду. Ар бир ишкердин ишинде өзүнүн эсеби болушу керек. Ащыр ар кандай жаңычылдыктарга каршы чыгуулардын болуп жатканы дагы так ошол салык сабаттуулугунун төмөндүгүнөн улам жаралууда”, - деди Алмамбетов.

Электрондук товардык транспорттук коштомо кагазды талап кылуу  быйыл жылдын башынан тартып күчөтүлдү. Бир жыл мурда ККМге кандай каршылык болсо, учурда ошол көрүнүш кайталанууда. Жакында айрым салык төлөөчүлөр каршылык митингине да чыгышты. Алар ЭТТК иштерине жолтоолук кылаарын, ар бир фермер өзүнө бухгалтер кармай алышпасын айтып, ал турмак жаңычылдыктын айынан бухгалтерлердин түйшүгү көбөйгөнүн дагы белгилешкен.

Азат Алмамбетов ЭТТК боюнча буларды айтты:

“Ишкерлер электрондук товардык транспорттук коштомо кагаз бухгалтердик эсепке залакасын тийгизип жатат, ишкер алдын ала аныкталган автоунаага тапшырык бере албайт, анын негизинде кампага товар толуп, товар жеткирүү, жүгүртүү иштеринде тоскоолдук жаралат деген аргументтерди угуп жатабыз.

ЭТТК быйыл эле кирген жок, 2022-жылдын башында токтом кабыл алынган. Биринчи иретте бул күйүүчү-майлоочу заттарды, алкоголь жана тамеки товарларын саткандар үчүн болду. Андан кийин ЕАЭБдин алкагында товар жүгүртүүлөрдү көзөмөлдөө боюнча келишим бар да, анын негизинде тиричилик буюмдарына – муздаткычтарга киргизилди. Ушул үч товар ЭТТК менен иштеп келатат. Ал эми бул жылы 1-январдан тартып товарлардын бардык түрүнө киргизилди. Өткөн жылы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, салык төлөөчүлөр менен жолугушуп, иштешип, кандайдыр бир кемчиликтер болсо аны жоюу багытындагы сунуштарын айтуусун билдиргенбиз. Товардык номенклатураларды системага киргизип баштагыла дегенбиз. Бирок баары декабрдын аягынан баштап гана киргизип башташты. Кеч башталганы үчүн өздөрүнө көйгөй жаралды. Бухгалтерлердин айтымында, өздөрүнүн товардык эсеп системасында иштеп, андан кийин биздин системада иштеп, эки эсе жумуш пайда болгон. Биз азыр ошону жеңилдетүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ал эми товарды жеткирүүчү автоунааны алдын ала тапшырык кылып биле албайбыз деп жатышпайбы, ошондуктан, аны оңойлоштуруп, машинанын номерин ал келгенден кийин эле системага кол менен терип киргизип коюуну иштеп чыктык. Учурда тесттик режимде турат, аяктагандан соң ишке киргизилет.

Биз ар бир салык төлөөчүгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Азыр түшүндүрүү этабында турабыз, ЭТТК боюнча текшерүү, айып санкцияларын салуу сыяктуу иш аракеттерди көздөгөн жокпуз. Максатыбыз – ишкерлер толук кандуу түшүнүп, иштетип кеткиче сунуштарын кабыл алып, кемчиликтерди жоюп, диалогго чакыруу болуп жатат”, - деп билдирди бөлүм башчы.

Баса белгилей кетчү нерсе, электрондук товардык-транспорттук коштомо баанын жогорулашына эч кандай таасирин тийгизбейт. Болгону кимден эмне алганына, канча алганына, каякка сатканына байкоо жүргүзөт. Бул биринчи кезекте ишкерчиликтин ачык-айкындуу болушун шарттаса, экинчиден коопсуздук маселесин дагы чечет. Анткени, өлкөгө келген товарлар көзөмөлдөнсө, анын сапаты дагы эске алынат.

ЭТТК – бир гана бизнес, мамлекет үчүн эмес, мамлекеттин ар бир жаранынын коопсуздугу үчүн дагы маанилүү.