Кумтөрдөн 19 тонна алтын уурдалды деген кеп чыккандан кийин президент Садыр Жапаров алтын кендин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү демилгелеген. Анын жетекчилигине Адахан Мадумаровду дайындоо сунушун берген. Бирок Мадумаров баш тарткан. Кийинчерээк Исхак Масалиев дагы депутаттык комиссияны жетектөөдөн баш тартканы белгилүү болгон. Аталган депутаттар эмнеге комиссияны жетектөөдөн кетенчиктегени боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде пикирин билдирди.
"Жоопкерчиликти сезбеген саясатчылар ушундай болот. Элге жакшы көрүнүш үчүн балп дедиртип жалганды айтып кое беришет. Жоопкерчиликти унутуп коюшат. Сотко берсең жоопко тартылышат. Анан "Саясий куугунтук болуп жатат" деп кыйкырып чыгышат. Бизде тилекке каршы ушундай көрүнүш калыптанып калган. Ошол үчүн саясатчылар жалган айтканды токтотсо жакшы болмок", - деген А.Жапаров.
Жакында депутат Балбак Түлөбаев алтындын негизинде сырткы карызды азыр деле төлөп коюуга болоорлугун айтып чыккан. Акылбек Жапаровдун айтымында, мөөнөтүнөн эрте төлөө үстөк пайызды көбөйтөт.
"Ооба, азыр төлөп койсок да болот. Бирок келишим боюнча мөөнөтүнөн эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет. Келишимде эгер мөөнөтүнөн мурда төгөбүз десеңер анда үстөгүн 2 пайыз эмес, баланча пайыз менен төгөсүңөр деп көрсөтүлгөн.
Ошол үчүн сырткы карызды график боюнча эле төлөгөн туура болот. Кудайга шүгүр. Карыздарыбыздын баарын өз убагында график менен төлөп берүүгө кудуретибиз жетет. Эң негизгиси бөөдө кырсыктан сактап, өлкөбүздө тынчтык болуп турса болду", - деп белгиледи төрага.