Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 190

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Кумтөр кенинин ишмердүүлүгү жана аны текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия тууралуу айтып берди. 

"2021-жылы президентибиз Кумтөрдү алдык, мындан ары Кумтөрдүн алтыны кыргыз мамлекетинин пайдасына иштейт" деп жар салганда, айрым сабаттуу депутаттар: "Бул эч качан ишке ашпайт. Эл аралык соттон утулабыз. Миллиарддаган долларга жыгылабыз. Сабатсыздар Кумтөрдү мыйзамсыз алды. Ит эле болобуз" деп кыйкырып чыккан. Ит болбой эле алып койдук. Ошондон бери "Кумтөрдүн" алтыны чогулуп жатат. Бүгүн 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулду. Мен 90-чу жылдардан бери саясатта жүрөм. Бирок буга чейин мындай жемиштүү иш болгон эмес. Эки жылда эле 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулта алдык. Азыр Улуттук банкта жатат. Кечээ жакында депутаттарды алып барып көрсөтүп чыктым", - деген Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, ал "Кумтөрдөн 19 тонна алтын уурдалган" деген кептердин чын-төгүнүн бышыктады. 

"Мындай жоопкерчиликсиз сөздү Адахан Мадумаров айтып чыкканы эсимде. Ошол замат эле президентибиз: "Депутаттык комиссия түзгүлө. Башына Мадумаровдун өзүн койгула. Барып текшерип келип, жыйынтыгын элге жарыяласын" деген сунушун киргизген. Комиссия түзүлгөн. Бирок Мадумаров комиссиянын башына туруштан баш тарткан. Андан кийин Исхак Масалиевди коюшкан. Кийинчерээк ал дагы баш тартты. Андан кийин Арсланбек Маалиевди коюшту. Ошондон кийин барып текшерип көрүшүп, бир грамм алтын уурдалбасына көздөрү жетти", - деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.