Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Балбак Түлөбаев Кыргызстандын тышкы карызды төлөөгө толук мүмкүнчүлүгү бар дейт. 

Айтымында, президент Садыр Жапаровдун экономикалык саясаты туура нукта кетип баратат. 

"Кыргызстандын Кытайга 1 миллиард 800 миллион доллар карызы бар, президент кааласа аны дароо төлөп сала алат. Бул акча учурда Улуттук банкта турат. Мына ушул себептен мен президенттин экономикалык саясатын 95 пайыз колдойм. Улуттук банкта 8 тонна күмүш, 45 тонна алтын бар, аларды эсептеп көрсөм, 3,8-4 миллиард долларга сатууга болот", - деди Балбак Түлөбаев.