- Кумтөрдөгү уулуу калдыктар сакталган жайды кайра иштетип,алтын алуу пландалып жатыптыр. Бул колдоого аларлык демилгеби?
- Албетте! Азыркы физика илиминде алтын, күмүш, жез, алюминий жана башка баалуу металлдардын калдыктарын кайра иштетүү боюнча өтө жогорку технология иштелип чыккан. Чынында калдыктагы алтынды бөлүп алуу ыкмасы дүйнөдө 100 жылдан ашуун эле ийгиликтүү колдонуп келет! СССРдин учурунда бул кирешелүү эле өндүрүш катары саналчу.
Менин эсимде, биздин кыргызстандык физик Владимир Макаров 2000-жылы өзүнүн доктордук диссертациясында кезектеги эффективдүү технологияны сунуш кылган. Ал ишти мен жакшы түшүнөм. Расмий илимий оппонент болгомун! Жаңылык деле эмес! Муну "Камеко" менен "Центерранын" ач көз айбандары менен биздин мурдагы саткын президенттер капарларына деле алышкан эмес! Аларга "супер" киреше гана керек болчу! Өзү калдык сактоочу жайлардагы (хвостохранилищаларда) калып кеткен алтындар жарым кургак, бирок зыяны жок аралашмалар аркылуу эле ылганып алынат. Эксперттердин болжолунда жакынкы 3 жылда 5 миң тоннага жакын алтын алса болот экен! Жалпы баасы 4 млрд долларга жакын деп жатышат! Бул биз үчүн зор экономикалык олжо!