"Дүйнөлүк өкмөттүк Дубай саммити – бул түптөлүп калган бренд, мындайча айтканда, эгер мүмкүн болсо интеллектуалдык сапаттын белгиси деп баса белгилеп айтсак ашыкча болбос.
Кырдаал дайыма өзгөрүүдө. Досубуз – душман, душманыбыз – дос болуп калышы мүмкүн. Жашоо туруксуз болуп, аба ырайы сыяктуу же маанайга жараша өзгөрүүдө. Бизге келе жаткан өзгөрүүлөргө баарыбыз даяр болушубуз керек». Бул – урматтуу шейх Заед бин Султан Аль Нахайянмырзанын белгилүү цитаталарынын бири. Бул сөздөр ар бир Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин урааны катары туруктуу учкул сөзгө айланышы керек", - деди Министрлер Кабинетинен төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммиттин (WGS) “Туруктуу өнүгүү максаттары аракетте" панелдик сессиясында.
"Бүгүнкү күндө ал өзгөчө актуалдуу, айрыкча конфликттик аймактар, анын ичинде потенциалдуу зоналар көбөйгөн маалда өтө актуалдуу.
Барган сайын, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери ар кайсыжерлерде жана көбүнчө күтүлбөгөн формаларда көрүнүүдө, туруктуу деп эсептелип жаткан институттар жана байланыштар бузулуп, эски ой жүгүртүү формалары жаңы чакырыктарга туруштук бере албай келет.
Акыркы убакта окуялардын көптүгү ушунчалык жогору болгондуктан, биз аларды алдын ала болжолдоого же концептуалдаштырууга убактыбыз жетпей жатат. Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин алкагында жана анын аянтчаларындабиздин дискурстар ошончолук баарынан улам баалуу болууда.
Албетте, дүйнө түзүлүшүнүн системасы же анын өнүгүшүнүн индустриалдык фазасы өзүнүн салыштырмалуу туруктуу абалынтүгөттү.
Биз башка фазага өтүп жатабыз жана бул өтүү табигый түрдө масштабдуу экономикалык жана геосаясий кризистер менен коштолууда.
Дүйнө “солкулдоодо”. Энергетикалык глобалдуу кризис, кеңири жайылган инфляция сөздүн түз маанисинде рекорддорду басып жатат, дүйнөнүн экинчи экономикасы болгон Кытайэкономикасы басаңдоодо, аны менен катар АКШ менен Европанын өнүгүүсү жайлады – мунун баары көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн нерселер жана мындай кооптуу чакырыктардын тизмесин чексиз улантсам болот.
Көпчүлүк аналитиктер глобалдык рецессиянын жогорку ыктымалдыгын белгилеп, 2023-жылга анча жакшы эмесбожомолдорду берип жатышат.
Бул контексттен алганда келечектеги мүмкүн болгон сценарийлерди жана келечектеги өкмөттөрдү түзүү механизмдерин талкуулоо өзгөчө мааниге ээ болот. Себеби: ар кандай кризис, азыркыдай оор болсо дагы, сыноо гана эмес, ошол эле учурда жаңы мүмкүнчүлүктөр жана аны максималдуу пайдалануу баарыбыз үчүн маанилүү.
Өнүгүүнүн постиндустриалдык фазасына өтүү үчүн баарыбыз ар түрдүү негизги көрсөткүчтөр менен келдик.
Бирок келечекте эң аз жоготуулар менен ага ийгиликтүү өтүүнүн зарыл шарты болуп паритет деген нерсе эсептелет, ал – өлкөлөрдүн ортосундагы, жок дегенде региондун деңгээлиндегидисбаланстын максималдуу кыскарышы.
Ошол эле учурда, санариптик технологиялар күн сайын бизге “сюрприздерди” алып келип жатканын белгилегим келет.
Мен мамлекеттердин санариптик теңсиздигиндеги коркунучту ачык көрүп турам. Албетте, бул дисбаланс индустриалдык артта калуудан да өтө коркунучтуу.
Айрым өлкөлөр өз калкынын Интернетке кирүүсүн камсыз кыла албай жатса, ошол эле учурда башкалар Жасалма интеллекттин пайдасын автоунаалар үчүн автопилотторго, акылдуу үн жардамчылары катары активдүү колдонуп жатышканын көрүп жатабыз.
Мен баарыбыздын алдыбызга резонанстуу бир суроо койгумкелет: Чын эле жаңы технологиялар бул ажырымды көбөйтөбү?
Биздин аймак жөнүндө айта турган болсом, төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот.
Узакка созулган тынымдан кийин 2018-жылдан тартып Борбордук Азия интеграциялык жана кооперациялык долбоору жаңы контурларга ээ болуп, жаңы маани-мазмун менен толо баштады.
Борбордук Азиянын такыр башка деңгээлинде аймактык өз ара аракеттенүүсүз жаңы “нормалдуулукта” дүйнөлүк масштабдагы субъект болуу өтө кыйын болорун биз түшүнөбүз.
Мындан тышкары биздин регион бир бүтүн аймак катары глобалдуу тектоникалык өзгөрүүлөрдүн шарттарында улам экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгууда.
Баса белгилеп кетчү өтө маанилүү сөз – бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларында регион ичинде интеграцияны жана кооперацияны күчөтүүгө саясий эрктер бар жана ал – бул багыттагы бардык аракеттердин ийгилигинин чечүүчү шарттарынын бири.
Албетте, бизде дагы көп нерсени түшүнүп, кайрадан карап чыгып, макулдашып, компромисске келүүбүз керек, бирок Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн лидерлеринин тилектештигине карасак, биздин негизги билдирүүбүз: өлкөнүн эгоизмин экинчи планга коюп, бири-бирибизге көбүрөөк таянып-карманышыбыз керек, анткени акыркы он жылдыкта биз билген глобалдуу дүйнө – локалдуулукка ажырайт деген болжолдорго бардык негиздер бар.
Бул ансыз да буга чейин эле ачык көрүнө баштаган – ири геосаясий оюнчулардын ортосундагы өзүнө таандык макроаймактарды түзүү үчүн ачык күрөштүн башталгандай эле.
Борбор Азия үчүн да ушундай долбоорлордун биринин татыктуу бөлүгү болуп, ага бирдей негизде кирүү үчүн бир бүтүн чөлкөм катары келечекке болгон жеке көз карашыбызды жаңыртуубуз зарыл.
Биз азыр мунун үстүндө аракеттенип жатабыз.
Акыркы убакта биз көрүп жаткан ачык тенденциялардын бири– дүйнөлүк экономикалардын глобалдашуусу.
Бардык экономикалар ички потенциалды жогорулатууга жана импорттун ордун алмаштырууга аракет кылып жатышат. Бул табигый нерсе, айрыкча пандемия мезгилиндеги локдаундарданулам глобалдык логистикалык чынжырлар бир эле учурда бүт аймактарда иштебей калганын көрдүк. Азыр өлкөлөр же бүтүндөй регионалдык байланыштар тездик темп менен аутенттүүлүккөумтулуп жатышат.
Дагы бир тенденция – билим берүү жана билим берүү моделдерин модернизациялоого мамлекеттик жана жеке инвестициялардын өсүшү, анткени ал билимдер экономикасы үчүн негиздердин бири катары саналат.
Арийне, бул логикага жатат, анткени кийинки постиндустриалдык фаза латын тилинен которгондо cognio –когнитивдик деп аталат, бул билимди, таанып-билүүнү, жаңы билимге ээ болуу жөндөмүн билдирет.
Акыркы айта турган тренд – “жашыл экономика” моделдерин колдонуу аймагын өнүктүрүү жана кеңейтүү тенденциясы.
Мен бул тенденцияларды жөн жерден бөлүп алган жокмун, анткени алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн артыкчылыктуу тренддер болуп саналат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан – чет элдик ишкерлердин рынокко чыгышы үчүн жагымдуу инвестициялык климатка ээ өлкө экендиги талашсыз.
Либералдык инвестициялык режим жана минималдуу административдик тоскоолдуктары бар тышкы соода саясаты, ачык жана ишенимдүү бизнес чөйрөсү – инвесторлордун мүлкүн коргоонун жакшы иштелип чыккан механизмдери. Бул шарттардын баарын биз потенциалдуу өнөктөштөрүбүзгө сунуштап келебиз.
Мындан тышкары, өлкөнүн жаңы финансылык стратегиясы учурда активдүү өнүгүү баскычында турат, ал рационалдуулук жана максатка ылайыктуулук принциптерине, ошондой эле башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга негизделген.
Жаңы стратегия – “Кыргызстан – аймактык бизнес – оазис” деген пилоттук аталыштагы амбициялуу улуттук программанын өзөгүн түзөт.
Программанын башкы максаты – өлкөдө максималдуу жагымдуу инвестициялык климатты түзүү.
Программаны ишке ашыруунун алкагында инвестицияларды коргоого, капиталдын эркин жылышына, чарбакер талаш-тартыштарды күч менен чечүүгө тыюу салууга, каттоо жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин демилгелөө пландаштырылууда.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Инвестициялык Кодекси иштелип жатат, анда инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү боюнча бардык жоболор айкалыштыралат.
Улуттук долбоорлордогу масштабдуу инвестициялар “стратегиялык инвестор” режиминде өздөштүрүлөт жана коргоонун кошумча чаралары менен камсыздалат. Улуттук долбоорлорго мамлекет тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу пландалууда", - деди Жапаров.