Электр энергияга болгон тарифтин жогорулашы эчактан бери бышып жетилген маселе. Мындай пикирин коомдук ишмер Бактыбек Саипбаев билдирди.

“Бирок эгер президент Садыр Жапаров аны менен катар тармакты ортомчу компаниялардан тазалоо ишин баштабаганда, тарифти көтөрүү менен эле жыйынтыкка жете алмак эмеспиз. Бул энергетика тармагын көп жылдардан бери тамырлап кеткен коррупциядан куткарууга жол ачат.

Ошондуктан, мен тарифтин көтөрүлүшүнө эмес, президенттин жасоого камынып жаткан реформасына көңүл бурат элем. Анткени, 30 жылдан бери биздин энергосистема “чубайсковский” үлгүдө иштеп келди. Генераттык кубаттуулукту электр түзүмүнөн ажыратуунун кереги бар беле? Анан калса, ал жакка каймагын калпып алып, техниканы – трансформаторлор менен электр жеткирүүчү линияларды жаңылабаган, СССРден калганын колдонуп жүргөн ортомчуларды киргизип коюшту. Бардык акча мамлекеттин бюджетине энергетиканы өнүктүрүүгө түз кетсе болбойт беле, ортомчулардын кандай зарылчылдыгы бар.

Ошондуктан, мындай системада кыйроо 90 пайыз, андан да жогору болот. Анын айынан кыш келгенде электр энергиясындагы мүчүлүштүктөрдүн кесепетин тартып келебиз, баары жакшы болуп кетээр деп ойлойбуз. Минтип түбөлүк улана бериши мүмкүн эмес.

Кырдаалды түп тамырынан өзгөртүү керек. Эмне болуп жатканын көрүп турабыз. Астрономиялык баага сатылып алынган кычкач жөнүндө тарыхты жакшы билебиз. Жыйынтыгында, бир нече жыл мурда ЖЭБде авария болуп, шаарды суук күчүнө кирип турган кезде жылуулуксуз калтырган. Бул нерсе эгер системада кандайдыр бир шектүү иштер орун алган болсо, ал туруктуу иштебей турганын көрсөттү. Албетте, бардык ортомчуларды тазалаш керек, анткени, алар электр энергиясын кымбаттатып жатышат. Бизге жеке структурасы бар бирдиктүү мамлекеттик энергосистема керек. Акчаны түз, ачык айкын алууга тийиш.

Тарифтин көтөрүлүшү тууралуу айтсак, албетте, эбак бышып жетилген. Калк 1 киловаттка 1 сомдон оңой эле төлөй алат. Аны да акча уурдалбайт, ортомчулардын чөнтөгүнө кетпейт, эмнеге керектүү болсо, ошол жакка багытталат деген ишеним менен төлөп калышат.

Ошондуктан, мен азыр жарыкка төлөм кымбаттайт деген фактка эмес, президент бул тармакты коркунучтуу чекке жеткирген ортомчу компанияларды жок кылат дегенге көңүлдү коюу керек”, - деди Саипбаев.