- Бюджет эки эсе өскөнү айтылып жатат. Бирок ошол эле маалда коомчулукта айлык акылардын, пенсия, пособиелердин көбөйгөнүн чет өлкөдөн алынган кредит, гранттарга байлагандар болууда. Мындай пикирлердин негизи барбы?
- Бюджеттин өсүшүн сырттан алынган насыяга байлаган туура эмес. Бардык экономикалык көрсөткүчтөр статистикалык маалыматтар аркылуу берилүүдө. Мисалы, Кумтөрдү эле ала турган болсок, мамлекетке өткөндөн кийин 46 миллиард сом пайдасын берди. Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун доорун карасак, Кумтөр бир жылда бардык төлөмдөрдү бириктиргенде 5 миллиард 300-400 миллион сом гана берип турган. Анткени, баары коррупцияланышып, канадалык компаниянын бергенинин көбү президенттердин, саясатчылардын, саясий элитанын чөнтөгүнө кетчү. Алтын кенинин чыныгы пайдасы канчалык болоорун 2022-жылы гана биле алдык. Ушундан эле 30 жыл коррупцияланышкан мамлекетте жашаганыбызды билсек болот. Андан тышкары, өлкөдөгү коррупциялык элементтерди жок кылуу саясаты абдан күчөшүнүн шарапатынан УКМК бюджетти толтуруу процессин жолго жакшы койду.
Ал эми карыз маселесине келсек, дүйнөдө карызы жок өлкө жок. Эң биринчи өлкө болгон Американын дагы тышкы карызы 30 триллион доллардан ашты. Америка Кытайдын өзүнө эле 2 триллион долларга жакын карыз. Мамлекеттердин бири биринен карыз алып, карыз бергени нормалдуу көрүнүш. Эң негизгиси, ошол кредит максаттуу пайдаланышы керек. Буга чейин болуп келгендей ар кайсы чөнтөктөргө кирип кетпесе эле болгону. Буга чейин канча деген кредиттер алынып, бирок натыйжалуу иштетилген эмес.
Айлык, пенсия ж.б. төлөмдөрдү көбөйтүүдө алгач экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлөт. Грант менен бир-эки жыл көбөйтүүгө мүмкүн. Бир көбөйткөндөн кийин кайра артка кайтара албайсың да. Ошондуктан, бул сөз чындыкка дал келбейт. Аны айткандар саясий популизмди кармангандар. Маяналар көбөйгөндө дагы бардык тармактарда эселеп көбөйтүлдү. Чындыгында, мындай көрүнүш 30 жылда болгон эмес. Өкүнүчтүүсү, инфляция да жогорулады, аны моюнга алыш керек. Бирок бул бир гана бизде эмес, бүткүл дүйнө туш болгон кыйынчылык. Биз дүйнөнүн бир бөлүгү, глобалдуу экономиканын бир мүчөсү болгон соң анын таасиринен кача албайбыз. Анткен менен Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясаты өлкөнү глобалдык олку-солкулардан татыктуу чыгарып баратат.