"Эми аким, губернаторлордун колунда реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөр пайда болот, буюрса...Кенедей маселе боюнча эле Президент, Өкмөттөн акча каражат сурай бербей, өзүлөрү чечкиндүү кадамдарга барышат. Мисалы,өзгөчө кырдаал түзүлүп калганда бул өтө маанилүү. ГЧП ыкмасы менен да жеке ишкерлер менен биргеликте инфраструктуралык проекттерди ишке ашырууга да сонун мүмкүнчүлүктөр түзүлөт! Эң жөнөкөй жана натыйжалуу ыкманы ойлоп чыгышты Министрлер Кабинети! Эми, акимдердин колунда укугу да болот, аны менен кошо жоопкерчилиги да келет...
Маселе: ал каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу сарптоо..." - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-ноябрда Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду.