Өнөктөш Россиянын кечигип реакция жасагандыгы, ага салыштырганда НАТОго мүчө Түркиянын бийлиги оперативдүүлүк кылгандыгы чындык.

24-25-майда Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Сочиге барып, Россиянын президенти Владимир Путинге жолукту. Россиянын мамлекет башчысы өнөктөштөрүн курорттук аймакка формалдуу эмес турдө көбүрөөк пикир алмашып, аны эс алуу менен айкалыштыруу үчүн чакыра тургандыгы мурдатан белгилүү. Мындай жолугушуулар башталганда журналисттер, эки элдин жарандары үчүн расмий дүжүр реверанстар, каалоо тилектер айтылат, бул жолу да ошондой болду. Эки өлкөнүн башчылары өз сөздөрүндө Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөрдөн экендигин, быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда эки өлкөнүн соодасы 6 пайызга өскөндүгүн белгилешти. Владимир Путин апрелдин аягында, майдын башталышында Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларындагы кагылышууларга тынчсыздануу менен дыкат көз салып тургандыгын да кошумчалады. Бул жолугушуунун сырткы аудиториядагыларга арналган расмий жагы. Ал эми чыныгы себеби башкада экендиги чоң саясаттан аздыр-көптүр кабары бар кимге болбосун көрүнүп турат.

Кыргызстан менен Тажикстандын 29-апрелде башталып, бир жумага созулуп кеткен чек ара жаңжалына, эң эле жумшак айтканда, эки өлкөгө тең бир нече эл аралык уюмдар боюнча өнөктөш Россиянын кечигип реакция жасагандыгы, ага салыштырганда НАТОго мүчө Түркиянын бийлиги оперативдүүлүк кылгандыгы чындык. Жаңжалдын эртеси эле Түркиянын Тышкы иштер министри Мавлют Чавушуулу адегенде Тажикстандын, анан Кыргызстандын тышкы министрине телефон чалып, кагылышууну тезирээк токтотуп, эки өлкөнүн чек аралар боюнча талаштарын тынчтык жолдор менен чечүүгө чакырды. Ага удаалаш Түркиядагы маалымат каражаттары абал курчуп кетсе Эрдогандын өкмөтү Кыргызстанга курал жарактардан, биринчи кезекте “Байрактардан” жардам бере тургандыгын билдирди. Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Чавушуулунан кийин гана телефон чалды. Бул ЖККУга, ШКУга кирген өлкөлөрдө түшүнбөстүктү, ал эми Кыргызстанда белгилүү деңгээлде чочулоону, нааразылыкты жаратпай койгон жок. Анын үстүнө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвага иш сапары менен барып, 9-майдагы аскердик парадга катышкандыгы да Кыргызстанда гана эмес, белгилүү деңгээлде жалпы түрк дүйнөсүндө түшүнбөстүктү пайда кылбай койгон жок. Бирок, Владимир Путиндин Эмомали Рахмон менен жолугушуусу Кыргызстанда кызганууну же чочулоону деле жараткан эмес. Россиянын жетекчилиги Ооганстанда талибдердин позициялары күндөн күнгө бекемделип, алар Тажикстандын, Түркмөнстандын чек араларына жакындап келатканына тынчсызданып жаткандыгы, аларды КМШнын аймагына киргизбөө үчүн Дүйшөмбүгө аскердик жардамдарды көрсөтүп жаткандыгы талашсыз. Бирок, аны ичте, сыртта башка чечмелеп жатышкандар болуп жаткандыгын да моюнга аышыбыз керек.

Мына ушундан улам Россиянын жетекчилиги, биринчи кезекте, Борбордук Азияда өзүнүн таасири күчтүү экендигин, мындагы иштерге эч качан кайдыгер карап турбастыгын дагы бир ирет ырастап, экинчи жагынан, Кыргызстандын жетекчилигинин, элинин көңүлүн алып коюу үчүн биздин президентти Сочиге чакыргандыгы кимге деле болбосун белгилүү болуп турат.

Жолугушууда жакшы сөздөр, пандемияга каршы вакцинанын Кыргызстанда чыгарыла баштоосу мүмкүн экендиги да айтылды. Бирок, тилекке каршы же Россиянын президенти, же биздин президентибиз 2019- жылы жазында кол коюлган жалпы көлөмү 6,2 миллиард долларлык инвестициялык келишимдердин аткарылышы жөнүндө сөз кылбагандыгы түшүнүксүз болуп калды. Азыр Кыргызстандын экономикалык абалы оор, мамлекет бюджеттик милдеттенмелерди эптеп аткарып жаткан менен элди жумуш менен камсыз кыла турган жаңы ишканалар курулбай жатат. Элдин сырт жактарга эмгек мигранты болуп кетүүсү азаймак түгүл, көбөйүүдө. Мындай шартта Россия өзүнүн мындан эки жыл мурда кол койгон инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруусун биз чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Ансыз бюджеттин киреше бөлүгү кескин көбөйбөйт, элдин турмушу сезилерлик жакшырбайт.

Биздин оюбузча, эки өлкөнүн жетекчилери канчалык тез-тез жолугушуп турса, бири-бирине болгон ишенимдери ошончолук артып, ал эртели кеч биргелешкен инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылуусуна да түрткү бермек.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити