Бишкек, "САЯСАТ.KG". Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) мүчө болгондон тартып, анын макулдашууларына ылайык түзүлгөн.
Ушул жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 721,1 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Маалымдалгандай, бул көрсөткүч 2024 - жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 132,8 пайызга көбөйүп, анын ичинде импорт-542,0 млн (25,7 пайызга өсүш), ал эми экспорт 11,6 пайызга кыскарып 179,1 млн АКШ долларын түздү.
“Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) мүчө болгондон тартып, анын макулдашууларына ылайык түзүлгөн. ДСУга мүчө өлкөлөрдө ар бир тарап экинчи тарапка экономикалык, соода жана башка мамилелер жаатында жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө милдеттенет. Ошондой эле эки өлкө соода-экономикалык мамилелерди ЕАЭБ келишиминин жана Эркин соода аймагынын (ЭСА) алкагында жүзөгө ашырат”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстан үчүн Казакстан тарыхы бир тамырлаш эл, ынак коңшу мамлекет гана болбостон, алдыңкы соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири. Жалпысынан акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтык өнүгүп, өз ара сооданын көлөмү тынымсыз өсүү динамикасын көрсөтүүдө. Эки өлкөнүн алдында жылдык товар жүгүртүүнүн көлөмүн 3 млрд доллар өлчөмүнө жеткирүү милдети турганы ушул жылдын 30-майында өткөн Эл аралык Астана форумунда белгилүү болду. Форумда Казакстан тарап нефтехимия, тамак-аш өнөр жайы, металлургия жана башка продукцияларды камтыган 195 товардык позиция боюнча экспортун 260 млн доллардан ашык суммага көбөйтүүгө даяр экенин билдирген.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Астанада өткөн Казакстан - Кыргызстан парламенттер аралык кызматташтык кеңешинин үчүнчү жыйынында Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов негизги милдеттердин бири – өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 2030-жылга чейин 3 млрд долларга жеткирүү экенин айткан.
2024-жылы товар жүгүртүү 1,473 млрд долларды түзгөн бирок, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында импорттун кескин өсүшүнө карабастан, экспортубуздун 11,6 пайызга кыскарышы тынчсыздандырарын экономист Кубан Чороев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
“Бул тенденцияны тез арада өзгөртпөсөк, 3 млрд долларлык максатка жетүү кыйынга турат. Менин оюмча, бул амбициялуу максатка жетүү үчүн комплекстүү жана стратегиялык мамиле керек. Биз жөн эле сооданын көлөмүн көбөйтпөстөн, анын сапатын да жакшыртышыбыз керек”,- деди Чороев.
Ошондой эле экономист бул максатка жетүүнүн негизги багыттары катары төмөнкүлөрдү атады:
Экспортту диверсификациялоо: Биздин негизги багытыбыз - Казакстандын базарына жогорку кошумча наркка ээ болгон товарларды жана кызматтарды сунуштоо. Бул текстиль продукциялары, кайра иштетилген шире, кургатылган жемиштер сыяктуу айыл чарба азыктары, ошондой эле IT-өнүмдөр жана туризм кызматтары болушу мүмкүн. Ушул багыттарда иштөө экспорттун көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Биргелешкен өндүрүш жана инвестиция: Эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен ишканаларды ачуусу, мисалы, Казакстандан чийки затты алып келип, Кыргызстанда кайра иштетип, аны кайра Казакстанга же башка өлкөлөргө экспорттоо. Бул инвестициялык жагымдуулукту жогорулатып, туруктуу соода байланыштарын түзөт.
Логистиканы жана транспорттук инфраструктураны жакшыртуу: Товарларды ташуудагы тоскоолдуктарды жана убакытты кыскартуу эң маанилүү факторлордун бири. Чек арадагы процедураларды жөнөкөйлөтүү, жаңы логистикалык борборлорду түзүү жана жолдорду жакшыртуу товар жүгүртүүнү тездетүүгө жардам берет.
Чакан жана орто бизнести колдоо: Көптөгөн ишкерлер үчүн чет өлкөлүк рынокко чыгуу оор. Мамлекет тарабынан аларга багытталган атайын программалар, жеңилдетилген насыялар, салыктык жеңилдиктер жана маалыматтык колдоо көрсөтүү керек. Бул чакан бизнестин экспорттук потенциалын жогорулатат.
Санариптик сооданы өнүктүрүү: Электрондук соода аянтчалары - бул чек аралык сооданы жөнөкөйлөтүүнүн эң натыйжалуу жолу. Эки өлкө биригип, ишкерлер үчүн бирдиктүү онлайн-платформаларды түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруусу зарыл.
Жыйынтыктап айтканда, экономист 3 млрд долларга жетүү реалдуу максат экенин бирок, ал максатты ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен жеке сектордун биргелешкен, стратегиялык жана туруктуу аракеттери талап кылынарын белгиледи.
Расмий маалымат боюнча 2023-жылы Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1,37 млрд долларды, ал эми 2024-жылы 1,47 млрд долларды түзгөн. Экономика министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын январь-мартында Казакстандан келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 49,9 млн долларды түздү. Тармактар боюнча токтолсок, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 39,1 млн доллар, кайра иштетүү өндүрүшү - 3,0 млн, дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо - 3,9 млн, ал эми калгандары 3,7 млн долларды түздү.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маанилүү документ болгон стратегиялык өнөктөштүк келишими эки өлкөнүн кызматташтык, достук мамилесин тереңдетет. 2025-жылдын 21-июлунда Казакстан Кыргызстан менен союздаштык мамилелерди тереңдетүү келишимин ратификациялады. Ал эми президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга өткөн жылы декабрда кол койгон. Алгач 2024-жылдын 19-апрелинде Астанадагы кол коюлардан кийинки брифингде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев төмөнкүдөй пикирин билдирди.
"Биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда чечилбеген маселелер болбошу керек деген жалпы жыйынтыкка келдик. Казакстан Кыргызстандын соода жана инвестиция тармагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири",- деди Токаев.
Белгиленгендей, бул келишим өлкөлөр ортосундагы саясий, аскердик-техникалык, экономикалык, инвестициялык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле миграция жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү комплекстүү өнүктүрүүгө түрткү берет.
Кол коюлган маанилүү документтер, мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилеринин ар бир жаңы сапары, жолугушуусу ынтымагыбызды бекемдеп, кызматташтыгыбызды арттырып келет. Биздин өлкөлөр, элибиз миңдеген жылдар бою жанаша жашап, тилибиз, маданиятыбыз, жашоо образыбыз жана улуттук кулк-мүнөзүбүз окшош. Өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулган 1992-жылдан бери бардык тармактар боюнча 150дөн ашык келишим жана макулдашууларды камтыган укуктук негиз түзүлдү. Алдыда күтүлүп жаткан Казакстандын президентинин Кыргызстанга расмий сапарында да эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
Булак: Кабар


