Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 524

Бишкек, "Саясат.kg". Бул окуяны душмандардай эле кабыл алгандарга эмне, өлкөдөгү туруксуздук керекпи?

Кыргызда «жакшы тилек – жарым ырыс» дейт. Өлкөдөгү биримдик, элдин ынтымак-ырашкерлиги, мамлекеттин эртеңи үчүн жолугушуп сүйлөшкөндүн, жакшы тилектерин билдиришкендин, ийри отуруп, түз кеңешкендин, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биримдикте бололу деген ниеттин эмнеси жаман? Президенттердин жолугушуусунун жыйынтыгы кандай болорун аазырынча эч ким билбейт, бирок бул фактынын өзү кубанарлык, колдоого аларлык көрүнүш. Бирок ушундан да кыйкым издеп, «жумурткадан кыр чыгарып» аткандарга, ал жерде эмне тууралуу сөз болгонун билип, билишпей сындап, айыптап жаткандарга деги эмне керек?

Бизде качантан бери өлкө башчыларынын ынтымак, биримдик, тынчтык үчүн жолугушуп масилеттешүүлөрү, бир столдо отуруулары кылмыш болуп калган? Бул окуя балким айрымдарга жакпай, итатайын тутултуп жаткандыр, бирок элдин, көпчүлүктүн, өлкөнүн кызыкчылыгындагы иш болду. Мындай болбогондо, анда кандай болушу керек эле? Бири бирине кек сакташып, көрөргө көздөрү жок, сүйлөшөргө сөздөрү жок болушуп, ит-мышыктай ырылдашып жүрүшү керек беле? Бул окуяны душмандардай эле кабыл алгандарга эмне, өлкөдөгү туруксуздук керекпи?

Тажиктердин төрт жыл жыл согушкандары деле акырында бир үстөлгө отурушуп, кызматтарды бөлүштүрүшүп тынчтыкка келишкен. Биздин экс-президенттердин өз ара келишпестиктери, наааразылыктары элибизде саясый маданияттын жетишпестигинен, демократия деген ушу экен деген анархиялык көрүнүштөрдөн эле келип чыккан. Турдакун Усубалиев менен Апсамат Масалиев деле элдешкис оппоненттерден эле. Бирок парламентте он жылдан ашык чогуу иштешти, бири бирине бир да ашыкча сөз айтышпады. Мына, жогорку саясий маданият деген.

Ар кандай жаңжал элдешүү менен аяктайт, элибизде илгертен эле чабышкандар деле кайра жарашып, бирге жашашкан. өч алуунун жолуна түшүп кетсе, анын аягы болбойт. Ал дагы жаңы өч алууларды гана жарата берет. Ошондуктан Саадыр Жапаров чыныгы акылмандуулук кылды. Элибизге жазалагыч, өч алгыч эмес, жараштырып, ынтымакка келтиргич президенттин болгонуна сүйүнүп, ийгиликтерди каалашыбыз керек. Эми экс-президенттер элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ынтымакка келишкендерин билдирип, элди да биримдикке, ынтымакка чакырган кайрылуу таркатышса, Кыргызстандын саясый тарыхында жаңы этап башталмак, алар кийинкилерге түбөлүк үлгү болуп калышмак.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист