Денесинен 16 кийим тигүү ийнеси табылган 11 айлык наристе биринчи даражадагы комада жатат. Бул тууралуу 25-январда Ташкенттеги Республикалык илимий борбордон билдиришти. Күн мурун Интернетте наристенин чарчап калгандыгы тууралуу маалыматтар пайда болгон.
Орусиянын «Россия-24» телеканалы Кабулдун «Интерконтиненталь» мейманканасындагы терактта мерт болгон жети украин жаранынын арасында Украинанын Тажикстандагы жана Ооганстандагы элчиси Виктор Никитюк дагы болгонун билдирди. Элчи менен анын туугандары телеканалдын бул жаңылыгына таң калышууда.
Акыркы үч күндөн бери өзбек-казак чек арасындагы «Жибек Жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинде кайрадан узак кезек күтүүлөр жаралды. Бул тууралуу 24-январда чек арадан өткөн өзбекстандыктар Telegram мессенджери аркылуу маалымдашты.
Казакстандын Акмоло облусунда Алматы-Екатеринбург трассасында кыргызстандыктар түшкөн автобус бузулуп калган.
Москвада полиция автоунаада жыныстык катнашка барган өзбекстандык эки трансвеститти кармашты.
Классташын сактап калууга аракет жасап, бирок өзү сууга чөгүп кеткен 10 жаштагы Абдулла Рузибоевди жерге беришти. Трагедия 21-январда Алмазар районундагы сууканалда болгон.
Бишкек, "Саясат. kg". Окуя бүгүн Бишкектин Турусбеков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бул тууралуу жол кырсыгына күбө болгондор билдиришкен.
Бишкек, “Саясат. kg”. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Бишкек, “Саясат. kg”. 2018-жылдын 24-январында КР БШКнын отурумунда “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Дюшалиев Абдыбек Кашымбековичге берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Таш-Көмүр шаардык кеңешине шайлоо боюнча Ахматбек Келдибековдун шайлоочуларга кайрылуусу.
Таш-Көмүр шаардык кеңешине шайлоо боюнча саясатчы Камчыбек Ташиевдин шайлоочуларга кайрылуусу.
Сабыр Муканбетов: "Бирок, “мен Алмазбек Шаршеновичтин коррупция менен болгон күрөшүн улантам” дегени мага жаккан жок. “Мен коррупция менен күрөштү баштайм” десе туура болмок. Анткени эл көрүп турат Атамбаевдин кандай күрөшкөнүн".
Казакстан президентинин кызы жана парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Дарига Назарбаева аскердик кызматты пропагандалай турган атайын телеканал ачууну сунуштады.
Кыргызстанда аткаруу бийлигинин системасын реформалоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.