Парламенттик шайлоо алдында Elgezit.kg шайлоого катышуучулар өздөрүн кандай өңүттө көрсөтүп жатканына көңүл бурууну туура көрдү.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен журналист Турсунбек Бейшенбековго каршы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков арыз жазган.
Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Ыманбеков Памирбек Жакыпбековичти кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Коронавирус чыккан Ухань шаарында өтө тездик менен оорукананын жаңы имараты курулду.
Россиянын Кардарлардын укуктарын коргоо жана жарандардын бакубаттыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнө коронавирусту аныктоо үчүн атайын жабдуу берет.
Кыргыз өлкөсүнүн эски үлгүдөгү ID-карталары орусиялык сайттардын биринде сатылууда.
Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Кыргыз Республикасында грек жаӊгагын культивациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Пекин - Москва каттамындагы поезд вирустун айынан чек араны жүргүнчүлөрсүз өттү.
Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн, 3-февралдагы отурумунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин кошумча 30 млн сом бөлүп берүү өтүнүчүн жактырды.
Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко минималдуу дивизиондогу титулдун ээси Вейли Жанг өзү тууралуу жетиштүү жарыялай элек деп ойлойт.
Чыгыш Казакстандын аймагында 2 жаш баланы кар басып, бири каза болду.
Кыргыз либерал демократиялык партиясынын курамына Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары дагы кошулат.
Владимир Зеленский Тегеран шаарындагы учак кырсыгынан каза болгон украиналыктардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөө сунушун четке какты.
Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө.
24-январда Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өтүп, анда президент Жогорку Соттун төрайымын катуу сынга алып, кызматына татыксыз, мыйзамга каршы чечимдерди чыгарган соттор эч нерсе болбогондой өз ордуларында иштеп атканын айткан эле.
Кыргызстанда жумушсуздардын саны канча экени боюнча маалыматтарды угуп, билип калабыз.
Өкмөт өзүнүн билдирүүлөрүнө, айткан, дегендерине канчалык отчет берет, анысын билбейт экенбиз.