Коронавирустан 2 699 адам каза болду. Бул тууралуу 25-февралга карата Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы маалымат жарыялаган.

Зарылбек Аликеновдун айтымында анын партиясы аркылуу Кыргызстанда метро менен ылдам жүрүүчү поезддер пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратты кабыл алды.

Кыргызстандын чет өлкөдөгү бир катар мекемелерине видеокөзөмөл орнотулду.

Бишкектеги Биринчи май РИИБдин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды.

Коронавирустан 2 470 адам каза болду.

Баткендин Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин кылмыш ишине дагы бир нече жаңы берене кошулду.

Тагыраак айтканда, шайлоо босогосунун айланасындагы маселени объективдүү жана мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алышыбыз абзел

Кыргызстанда текшерүү органдарына Айыл Өкмөттөрүн көзөмөлдөөгө мораторий жарыяланган.

Чүй облусунун үч аймагында шайлоо алдында адамдарды жапырт каттоого байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды.

 

Аба каттамдары тууралуу маалыматтарды чогулткан OAG компаниясы эң кирешелүү авиакомпаниялардын рейтингин түздү.

Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу жыйыны 22-февралда Баткен облусунда болду.

Блогер Элмирбек Сыдымановдун апасы Махаббат Молдомусаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулунун ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүндү.

Ош шаарында Ош, Талас облустарынын ынтымагын бекемдеш үчүн уюштурулган көкбөрү оюнунда биринчиликти «Талас» командасы ээледи. Экинчи орунду «Бакай-Ата» командасы алды.

Чубак ажы Жалилов, “Марал” радиосунун эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып,  быйыл октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого талапкер катары барып калышы мүмкүн экенин айтты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Италиянын Ломбарди жана Венето провинцияларындагы 11 шаар карантинге жабылды. Шаарлардагы 50 миңдей жашоочу бийликтен үйдөн чыкпоо боюнча эскертүү алды.

Жогорку сот Кубанычбек Самаковго карата жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кылмыш ишин козгоо өтүнүчүн канааттандырды.

Япониядагы саякат кемедеги карантинден чыгарылган кыргызстандык жарандын абалы жакшы.

31-январда Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизди.